Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

"Бийликтин жүзү кубулма". Макиавелли кыргыздарга эскертүү бергенби?


 Никколо Макиавеллинин “Өкүмдар” эмгеги 1532-жылы жарык көргөн.
Никколо Макиавеллинин “Өкүмдар” эмгеги 1532-жылы жарык көргөн.

Кыргызстанда ушул айда Никколо Макиавеллинин айтылуу “Өкүмдары” кыргыз тилинде жарык көрдү. Италиялык ойчул, даанышман жана дипломаттын 500 жылдан ашуун мурда жазылган эмгеги дүйнөдө эң көп окулган китептердин бири.

Трактатты айрым илимпоздор тирандардын сүйүктүү чыгармасы десе, башкалары элге бийликтин катаал табиятын түшүндүрөт деп сыпатташат.

Эл аралык китеп күнүнө карата ушул эмгек тууралуу сөз кылабыз.

"Өкүмдар" тирандарга жакканбы?

Саясат талдоочулардын белгилешинче, авторитаризм менен демократиянын ортосу бир гана кадам. Алар жарандык коом сергек жана билимдүү болбосо, тактыга ким келбесин диктаторго айланарына ынанымдуу далилдерди келтиришет.

Тарыхчылардын маалыматында, күчтүү жарандык коомдун мыкты үлгүсү азыркы Италиянын аймагында калыптаган. Феодалдардын жана чиркөөнүн эзүүсүнөн тажаган эл IX-X кылымдарда коомдун кызыкчылыгын алга сүрөгөн коммуналарды түзгөн экен.

Никколо Макиавелли “Өкүмдарды” мына ошол коммуналардын таасири күч доордо, бир айга жетпеген убакытта жазыптыр. Трактат маданияттын жана сооданын очогу саналган Флоренция шаар-мамлекетинин ханзаадасы Лоренцо Медичиге арналган дешет.

Никколо Макиавелли.
Никколо Макиавелли.

“Өкүмдар” Макиавеллинин көзү өткөндөн кийин, 1532-жылы жарык көргөн. Ошондон бери аны илимпоздор ар түрдүүчө талдап келет.

Бирөөлөр аны зөөкүр падышаларга элди кантип айла-амал менен башкарса болоруна багыт берген десе, башкалары элдин көзүн ачууну көздөгөнүн айтышат. Кезинде француз-швейцар философу Жан-Жак Руссо да трактат элдин китеби экенин белгилептир.

Айрым тарыхчылар Макиавелли азыркы Италиянын аймагындагы чачыранды республикалар бир муштумга биригип, күчтүү мамлекетке айланганын эңсеген дешет.

Философ катары Макиавелли кубаттуу жана калыс мамлекетти, атуулдар ага берилгендик менен кызмат кылышын жактаган.

500 жылдан ашуун талкууга түшкөн "Өкүмдарды" убагында француздардын аскер башчысы Наполеон Бонапарт “окуй турган жалгыз китеп” деп мактаса, советтик жол башчы Ленин авторду “акылман флоренциялык” деп баалаган экен. Диктатор атыккан Сталиндин убагында “Өкүмдар” бир канча жолу басылганы айтылып жүрөт.

Анткен менен Макиавеллинин бул атактуу эмгеги кыргыз тилдүү окурманга өлкө бир канча системаны алмаштырып, эгемендик жылдары үч революцияны баштан кечиргенден кийин гана жетти.

Китепти басып чыгарган Bugupress басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин кыргыз окурмандары дүйнөлүк классиканы эне тилинде окушу керек деген пикирде.

Жаныбек Абидетегин.
Жаныбек Абидетегин.

“Дүйнө таанымыбызды кыргыз тил аркылуу өнүктүргөндө гана улуттук иденттүүлүгүбүз өз нугунда калыптанат. Өзгөчө коомдук, саясий аң-сезимибизди өстүрүү үчүн дүйнөлүк тажрыйбаларга, маалыматтарга, тарыхый булактарга муктажбыз. Аристотел, Ибн Халдун, Платон, Жан-Жак Руссо, Никколо Макиавелли жана башка көптөгөн чыгыш-батыш ойчулдарынын эмгектери кыргыз тилинде окулуп, эл арасында талкууланышы керек. Буга чейин дүйнөлүк ойчулдардын эмгектерин биздин интеллигенция, биздин айдыңдар башка тилде окуп, бирок кыргызча талкуулап өсүштү. Эми бул абал муундан муунга кайталана бербей, кийинки айдыңдар дүйнөнү өз эне тилинде таанып чоңоюшу керек. Ошондо гана эркин ой жүгүрткөн, сынчыл ойломго ээ, эрктүү, эгемен эл болуп түптөлө баштайбыз. Биздин эне тилибиз бизге улуттук дөөлөттөрдү эле үйрөтпөй, эркиндигибизди да үйрөтүшү керек. “Эркиндик – эне тилден башталат!” деген биздин миссиябыз болууга тийиш”.

"Бийликтин табияты куу жана татаал"

Китептин саясий редактору болгон Эмилбек Жороев Макиавелли саясаттын табиятын жакшы түшүнгөн адам болгон дейт. Ал "Өкүмдар" билими жетик, сынчыл ой жүгүртө алган окурмандар үчүн жазылганын белгиледи.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

“Макиавелли тарыхты, саясатты билген дипломат, аскер кызматтарында жүргөн, Флоренция Республикасынын жараны болгон. Муну белгилеп айтканым, биз Кыргыз Республикасынын жарандарыбыз. Бирок республика эмне экенине анча маани бербейбиз. Тарыхта республиканы түптөө үчүн, сактоо үчүн далай согуштар болгон. Макиавелли ошол тууралуу жазып жатканда “Республикалардын жашоочуларында мурдагы эгемендиктин жаркын элесин унуттурбаган кайратмандык, баскынчыга карата жек көрүү көбүрөөк, кекчилдик бар. Аларды башкаруу үчүн тыптыйпыл жок кылуу керек же алардын арасына барып жашоо керек” дейт. Анткени, Макиавелли бул эмгекти жазып жатканда азыркы Италия жок эле, китеп чыккандан үч кылым өткөндөн кийин гана пайда болгон. Макиавелли китебинин акырында эмоцияга алдырып, күчтүү Италияны кура турган эл бар экенин белгилеген”.

Орто кылымдын аякташы менен диний институттар алсырап, ренессанс доору келген. Чиркөө таңуулаган айрым баалуулуктар күчүн жоготкондо, моралдык карама-каршылыктар да жаралган.

Мындай өткөөл мезгилде жашаган Макиавелли коомду күчтүү мамлекет гана сактап каларын түшүнгөн. Бирок анын башына дайыма эле чынчыл, абийирдүү башкаруучулар келбесин эске салган.

Жороев мындан улам Макиавелли китепти эл үчүн жазган деген пикирге кошулат. Башкаруучуларга кооптуу кеп-кеңештерди бергени менен элди сергек болууга, бийликке келген адамды идеалдаштырып албоого чакырган деп эсептейт.

“Бул китеп сүйүү романдарындай кызыктуу эмес. Жүз барактан ашпаса да шашпай окуу керек. “Максатка жетүүдө бардык ыкма жакшы” деген принципти туу туткандыктан аны көбү жактыра бербейт. Айрымдар зулумдар үчүн жазылган дейт, айрымдар жийиркеничтүү идеяларды окубаш керек дешет. Бирөөлөр бул эмгекти өкүмдарларга насаат катары кабыл алышат. Бирок антип карай турган болсок, жаңылышабыз. Чындыгында бул тарыхый талдоо жүргүзүп окуй турган китеп. Саясат таанууда муну реализмдин башаты, идеализмге каршы эмгек дешет. Анткени автор элестетилген, кыялдагы жагымдуу саясий кырдаалга реалдуу саясатты карама-каршы коет. Мамлекет курууда кандай принциптер, ыкмалар пайдалуу болорун кайра-кайра айтат. Айлакерлик, этияттык, куулук, катаалдык, кыраакылык саясаттын табиятын түзөрүн баяндайт. Албетте, элдин баары саясатчы эмес. Андай болсо окурман эмне үчүн бул эмгекти окушу керек? Менимче, мында адамдын табияты ачык жазылган. Биз бирде бирөөнү алдап, бирде алданат экенбиз. Бирде шертке бекем турсак, бирде досторду таштай качат экенбиз. Бирде ак көңүл болсок, бирде мыкаачыга айланабыз. Адамдын табияты чексиз ийкемдүүлүккө ээ экен. Адилеттикти каалайбыз, ошол эле учурда адилетсиздикке көз жуумп, чыдай да берет экенбиз”.

Кыргыз коомунда Макиавеллинин бул эмгегине таасирленип, саясий дебаттарда оозунан түшүрбөй мисал келтирген саясатчылар жок эмес.

Китептин маани-мазмунуна көз салган редактор Жыргалбек Касаболотов антип элирип кеткендерди жактабайт. Ал китептин кайсы кылымда жазылганын унутпай, сын көз менен окууну сунуштады.

Жыргалбек Касаболотов.
Жыргалбек Касаболотов.

“Макиавелли бул эмгегинде саясат менен моралдык принциптер, саясат менен абийир, адеп-ахлак дайыма эле шайкеш келбей турганын фактылар менен көрсөткөн. Сын көз менен окуй турган китеп. Бул китептин арты менен макиавелизм термини келип чыккан. Саясат таануу илиминде сөзсүз окуй турган китептердин бири. Кыргыз окурманы муну атайын даярдык менен окушу керек. Бийликте турган адам кандай ыкмаларды колдоно аларын жана колдонуп келгенин ошондо гана аңдайт. Бирок идеяларына сугарылып, ээрчип кетүүгө да болбойт”.

Саясий серепчи Кубан Абдымен “Өкүмдардын” айрым бөлүктөрүн кыргызчага өз алдынча которуп, 2016-жылы жарык көргөн “Тынымсыз аккан саясат” аттуу эмгегине кошкон.

Ал байыртан эле жандоочуларды туура тандабаган башкаруучулар тактан кулаган, Макиавелли ошол көйгөйдү козгогон дейт.

Кубан Абдымен.
Кубан Абдымен.

“Мурдагы президент Аскар Акаевдин доорунда “Асаба” жана “Агым” гезиттерине айтылуу Мелис Эшимканов Макиавеллинин бул китеби тууралуу жазып жүрдү. Анын көз караштарын жактырып, кийин саясатчы болуп кетти десем болот. Мен өзүм 2016-жылы “Тынымсыз аккан саясат” деген китеп чыгаргам. Ошол кезде байкап көрсөңөр чоң саясий жүрүштөр болуп жаткан. Макиавеллинин бул чыгармасын орусчадан которуп, китепке коштум эле. Кийин англисчесинен которсом болмок экен деп ойлоп калдым. Китепти жазуума бийликке келгендердин айланасына адамдарды ылгабай эле чогулта бергени себеп болгон. “Мага берилген, жан дили менен иштеп берет, ага ишенем” деген ой менен топтой беришет да. Ошолорго сабак болсун деген максатта жазып, айрымдарына берген элем. Окудубу же жокпу билбейм. Эми “Өкүмдарды” баары эле окууга тийиш эмес. Бул чындап саясатчы болом дегендер окуй турган эмгек. Ал эми чыныгы саясатчы болгусу келген адам мектептен баштап даярданышы керек”.

Басма иши менен алектенгендердин айтымында, кыргыз окурмандары негизинен шыктандыруучу китептерге, курч сюжеттүү детективдерге, сүйүү тууралуу чыгармаларга кызыгат.

Жарандык активист Мирбек Маматкасым мындай табиттеги окурмандар басымдуу коомдо "Өкүмдарга" баарынын эле тиши өтө бербесин айтты:

Мирбек Маматкасым.
Мирбек Маматкасым.

"Адамдар китеп окугандар жана окубагандар болуп бөлүнөт. Статистикага таянсак, азыр окубагандар көп. Окугандар деле адабий же жеңил нерселерди окуйт. Адам бактылуу жашагысы келет да. Бактылуу жашаш үчүн комфорт издеп, башын ооруткусу келбейт. Мындай илимий-популярдуу китепти саналуу адамдар зарылчылыктын негизинде гана окушат. Карьера, илимий изилдөө үчүн керек болушу мүмкүн. Дүйнө таанымды кеңейтүү үчүн окугандар аз эле. Мен азыр китеп окугула деген үгүттү токтотком. Ар бир адам дүйнө таанымына, ыңгайына карап окуйт экен. Бирок бул китепти тар чөйрөдөгү адамдарга сунуштаса болот. Мисалы, саясатка барып, депутат болгусу келгендер бар. Алардын айрымдары ак көйнөк кийип отургусу келет, бирок китеп окугусу келбейт. Аларга "саясатка баргың келсе азыртадан даярдан, ушул китептерди ач, эртеби-кечпи окуйсуң" деп айтам. Геосаясатка кызыккандар да окуса болот. Бирок "Өкүмдарда" бизнеске, үй-бүлөгө, саясатка керектүү принциптер барын айта кетейин. Ошон үчүн да китеп менен таанышып койсо, окурманга ашыкча болбойт".

Бийликтин табияты айлакер, катаал жана кубулма болорун туюнткан Никколо Макиавеллинин бул трактатын Феруза Шерматова кыргызчалап, басып чыгарууга президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Самат Исманов колдоо көрсөткөн.

Эксперттер соңку жылдары “Демократия аралчасы” катары таанылган Кыргызстанда бийликтин вертикалы чыңдалып жатканын белгилешет.

Бийлик муну өлкөдө тартипти жөнгө салуу аракети менен түшүндүрсө, пикир үчүн суракка алуу, камоолор, медиа каражаттарынын ишин чектөө эл аралык коомчулуктун сынына кабылууда. Өлкө башындагылар өткөн революцияларды эстен чыгарып, Макиавелли айткан принциптер иштеп жаткандай.

ЮНЕСКОнун чечими менен 23-апрель Эл аралык китеп күнү катары жарыяланган. Кыргызстанда бул дата өкмөттүн токтому менен 2002-жылдан бери белгиленип келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2024-жылы кыргыз тилинде 1020 китеп жана брошюра чыгып, жылдык нуска 1,6 млн ашкан. Өлкөдө бир адамга 245 китеп туура келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG