Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

"Эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей үзүлдү". Классташтардын келишпестиги өлүм менен аяктады


Бишкектеги №31 мектеп.
Бишкектеги №31 мектеп.

Бишкектеги мектепте 7-класстын эки окуучусунун пикир келишпестиги 14 жаштагы кыздын өлүмү менен аяктады. Мэрия жана шаардык милиция териштирүү башталганын билдирди. Маркумдун жакындары үн ката элек. Бул окуя мектеп окуучуларынын арасындагы чоңсунуу, коопсуздук боюнча маселени кайра козгоду.

Окуя 15-апрелде Бишкектеги №31 мектепте болгон. Расмий маалыматта 14 жашар кыз классташы менен пикир келишпестиктен кийин эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза болгону айтылып жатат. Буга чейин интернетте окуучу кыз классташы уруп жибергенден кийин кулап калып каза тапты деген маалыматтар тараган.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бул боюнча териштирүүлөр башталганын “Азаттыкка” билдирди.

“Натыйжада эси ооп калган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакырылып, Бишкек шаарынын мэриясынын, Билим берүү департаментинин, Ленин райондук администрациясынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги да келген. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык бардык зарыл чаралар көрүлдү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын алкагында болгон окуяга укуктук баа берилет”.

Биз №31 мектепке барганыбызда жетекчилиги бул окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, тергөө иштери жүрүп жатканын жүйө келтирди. Бул факты боюнча милиция кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

“Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык жагдай териштирилет жана ар тараптуу укуктук баа берилет”, - деп жазылган Ленин райондук милициясынын тараткан маалыматында.

Каза болгон окуучунун жакындары комментарий бере элек.

Бул маселе окуучулар арасындагы чоңсунуу, коопсуздук боюнча маселени кайра күн тартибине чыгарды. Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги жыйынында да көтөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик мекемелерди жоопко тартуу талабы айтылды. Депутат Элдар Абакиров милдетин аткара албаган жетекчилердин кызмат ордун кароону сунуштады.

“Адамдын өмүрү оюнчук эмес. Кайсы тармакты ким башкарып жатса, ошол окуялар кайталанбашы үчүн чараларды көрүшү керек. Ар бир адамдын өмүрүн барктап жашашыбыз керек. Билим берүү министрлиги мектептерде психологдор жок деп айтты эле. Эмнеге Каржы министрлиги акча бөлүп, мектептерге психолог албайт? Бир ай мурун эле канча окуя болду. Түрмөлөрдө да болуп жаткан окуялар боюнча да жетекчилер келип, маалымат берсин. Ишин аткара албагандар ордун бошотуп берсин.”

ИИМдин маалыматына караганда, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөр мушташкан эки окуя катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары окуучулардын ден соолугуна зыян келтирген башка да чыр-чатактар орун алган.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары катышкан бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө. Министрликтин уюштуруу жана тарбиялоо иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Алтынбек Эркимбеков окуучулар арасындагы чыр-чатактарга байланыштуу коопсуздукту бекемдөө үчүн бир катар иштер аткарылып жатканын билдирди. Алардын бири - окуучулар өзүн коопсуз сезген же кандайдыр бир коркутууга кабылган учурда кабарлоочу "электрондук күндөлүктүн" ишке кириши болгон.

"Электрондук күндөлүктө "коркпо, билдир" деген функция кошулган. Ошол жерге республика боюнча окуучулар буллингге же коркутууга, зомбулукка кабылып жатканын анонимдүү түрдө билдире алышат. Ал билдирүүлөр борбордук аппаратка келип түшүп, биздин министрликтин жана ИИМдин кызматкерлерине көрүнөт. Бүгүнкү күнгө чейин 700гө жакын маалымат келип түштү. Бул аркылуу окуучулардан көп маалымат түшүп жатат. Мындан тышкары видеобайкоолорду күчөтүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берилген. Бишкек жана Оштогу дээрлик бардык мектепке камера орнотулганы менен ИИМдин кырдаалдык борборунун базасына кошулган эмес болчу. Борбор калаада 150 мектеп бул системага кирип, башка аймактарда да бул жаатта иштер жүрүп атат. Дагы бир маселе уюлдук телефондор боюнча. Санарип замандын өнүгүшү менен бул маселе балдар туура эмес контенттерди көрүп жатканынан да чыгып жатат. Бул багытта министрлик уюлдук телефондорду колдонуунун тартибин даярдап жатат".

Эркимбеков мындан сырткары социалдык педагогдорго жана мектептердин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары үчүн курстар даярдалып жатканын, мында балдар менен байланышты жакшыртуу боюнча окутуларын кошумчалады.

Министрлик мындан тышкары "Ата-энелер мектеби" долбоорунун өлкө боюнча жайылтуу пландалып жатканын, мында балдар үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү максаты турарын билдирди.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт. Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала аттаган.

Бишкек: Окуучунун өлүмү, мектептеги коопсуздук
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG