Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Жарым айда беш бала. Өспүрүмдү өлүмгө эмне түртөт?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда соңку үч аптада эле беш өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Милиция алар өз жанын өзү кыйган деп билдирүүдө.

Коомду өтө катуу кабатыр кылып жаткан бул окуялардын чыныгы себеби эмнеде? Балдарга жакшы көңүл бурулбай калдыбы? Алдын алуу чаралары барбы? Бул суроолорду "Азаттык" Бишкек мамлекеттик университетинин Психология кафедрасынын окутуучусу, өспүрүм балдар психологу Жакшылык Жыргалбековго жолдоду.


- Өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салган маселе 26-февралда парламент трибунасынан да көтөрүлүп, чара көрүү зарылдыгы айтылды. Мунун себеби эмнеде? Коом, ата-эне балдарды укпай жатабызбы, алардын бизге айта албаган көйгөйү барбы? Эмне үчүн өспүрүм ушундай жолго барат?

- Бул ар дайым чоң маселе болуп келген, бирок соңку мезгилде оорлошо баштады. Балдардын өлүмү биринин артынан бири катталуусу менен коомчулуктун үрөйүн учуруп жатат. Бул жерде мен ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени айткым келет. Андан сырткары психологиялык фактор же мектептеги белгилүү бир окутуу системасынын жоктугу болушу ыктымал. Бул маселени комплекстүү карап, бир жыйынтыкка келгенибиз жакшы.

Балдардын өз өмүрүнө кол салуусунун ар кандай себептери бар: социалдык маселелер, өспүрүмдөр арасындагы мамиле же ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, баланын коомдогу орду сыяктуу көп жагдайлар. Жыл өткөн сайын ата-эне менен баланын ортосундагы ажырым күч алып, балдардын психологиясы өзгөрүп баратат. Ошондой эле кандайдыр бир маселеге тушукканда балдар өз көйгөйү менен өзү жалгыз калууда.


- Айрымдар мындай учурда ата-эненин жоопкерчилигин, башкалары мектеп рэкетчилиги, чоңсунуу сыяктуу маселелердин токтобой жатканын айтат. Алдын алуу үчүн кандай иштер жасалышы керек?

- Мектепте баланын жалпы коопсуздугун камсыздай ала турган бир системаны түптөө керек. Ата-энелер, мугалимдер биргелешип, зордук-зомбулукка каршы иш аткарганы жакшы. Балдар арасында пикир келишпестик жаралып, тигил же бул маселеде талаш чыкса, аны сөзсүз эле күч колдонуу менен эмес, сүйлөшүү аркылуу жакшы чечүүгө мүмкүн экенин түшүндүрүү зарыл. Күч колдонуу кандуу окуялар менен аяктаганы өкүнүчтүү. Андан сырткары мектептерде рэкетчилик, буллинг деген бар.

Мына ушул жагдайды алдын ала аныктап, ошол эле социалдык педагогдор, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор, мектеп психологдору комплекстүү иштегени жакшы. Азыркы учурда Бишкек менен Оштон сырткары башка аймактарда өспүрүмдөр же жаш балдар менен иштешкен психологдор жетишпейт. Бул маселени мамлекет чечсе жакшы болмок.

Тилекке каршы, эң көйгөйлүү маселе - психологго баруу маданияты биздин коомдо калыптана элек. Бала өзүн башкача алып жүрүп, ата-эне менен сүйлөшпөй, түнт болуп же тентектик кыла баштаганда мындай адистерге алып баруу керек деген кеңеш айтылса, ошол эле ата-энелердин өзү буга караманча каршы туруп коюшат. А бирок бала адистин көмөгүнө муктаж экени айдан ачык көрүнүп турат. Бул жагын да эске алуу зарыл.

Мектепте кандай көйгөй бар, бала аны эмнеге зордук-зомбулук аркылуу чечип атат? Эмнеге өзгөрүп кетти? Ушул суроого жоопту психолог өз убагында тапса, өкүнүчтүү окуялар азаят.
Албетте, көпчүлүк учурда ушундай кайгылуу окуяларга үй-бүлөдөгү мамиле себепкер. Балким, ата-эненин буга убактысы жетпей жатат, балким, бала ичинде болуп жаткан нерсени ачык айта албайт. Ошондуктан ата-эненин бала менен сүйлөшүүсү абдан чоң мааниге ээ.

Азыркы тапта ата-энелердин көбү балдарын бизге баарлашууга алып келип, алардын ортосунда байланыш жок экенин айтышат. Балдар гаджетке көп убактысын коротуп, ата-энелери болсо күнүмдүк турмуш менен алпурушуп жаткан мезгил. Түшүнбөстүк дагы, көйгөйлөр дагы көпчүлүк учурда ушундай жагдайда жаралат.

- Буга чейин бизге маек курган педагог адистердин бири суицидди балдардын чаңырыгы деди эле. Балдарды өз көйгөйүн чечүүдө жалгыз калтырып, аларга маани бербей жатканыбызды сиз да айттыңыз. Сиздин оюңузча, ата-эне бала менен кандай байланышта болуусу кажет? Балдардын жакындары эмнени эске албай калып жатат?

- Суицидди өзүнчө көйгөй катары карап көрсөк, балдар ата-энеси менен ачык сүйлөшпөй, баарлашпай келет. Бала мындай учурда ичиндегисин эч кимге айта албайт. Ошондуктан суицидге барар алдында ата-энесине, бир туугандарына кайрыла албай, аларга ишенбей калган учурлар көп катталууда. Ата-эне баласы менен ачык мамиледе болуп, бири-бирин уга билсе жакшы. Баланын таяна турган адамдары атасы же энеси болот.

Ата-эне балага тарбия берүүдө аны катуу кармайм деп ойлоп, өзүнөн алыстатып алат, бала ичиндегисин айтпай калат.

Айрымдар болсо баланы өз жайына коёт, ал бош убактысында каалаганын кылат.

Бул да туура эмес тарбия. Ортолукту тандаган ата-эне гана ийгиликке жетет.


- Жакшылык, сиз соңку 11 жылдан бери окутуучу болуп, өспүрүм балдар менен иштешкениңизди айттыңыз. Азыр сизге кайрылган өспүрүмдөрдүн эң чоң көйгөйү эмнеде? Алар эмнелерди айтып нааразы же капа болушат?

- Үч категорияга бөлсөк болот. Биринчиси – мамиле. Ошол эле курдаштары менен, ата-эне, бир туугандары менен болгон мамилеси.

Экинчиси – балдардын депрессиясы, зордук-зомбулук. Мунун кесепети ар кандай психологиялык маселелерди жаратат.

Үчүнчүсү – жалпы клиника. Бул психикалык ооруга жакын абалдагы балдар, өспүрүмдөр. Мисалы, мага келген балдардын арасынан мектепке такыр баргысы келбегендери бар. Айрымдарынын эч нерсеге кызыгуусу жок. Аларды окуу да, курбулары менен баарлашуу да, кандайдыр бир спорттук ийримдер да кызыктырбайт. Кээ бири дайым тынчсыздануу абалында болуп, андан арыла албай жатканын айтышат.

Көпчүлүк учурда сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган балдар абдан кыйналышат жана оор абалда болушат.

Ошондой эле көпчүлүгү атасы же энеси менен пикири келишпей, түшүнүү жок болуп жатканын айтышат. Бул көйгөйдүн баары бири-бири менен байланыштуу.

Айрым балдар ата-энеси ажырашканда көп жабыркайт. Ата-энеси көп жылдар бою миграцияда жүрүп, үйүнө кайтып келгенде, көбүнчө бала жатыркап калган болот.

Жалпылап айтканда, жылдан жылга өспүрүмдөр арасында психологиялык кыйынчылыкка дуушар болгон уул-кыздарыбыздын саны арбып баратат. Бул абдан өкүнүчтүү.

Шерине

XS
SM
MD
LG