Шаршембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинага чабуулун улантты. Бир нече аймак аткыланды.
Одессага "Шахед" дрондору менен чабуул коюлуп, бир нече турак жайда өрт чыкты. Бир нече киши жабыркаганын Одесса облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Кипер билдирди.
Ал тапта Орусия өткөн түнү өз аймагында 26 дронду атып түшүргөнү тууралуу кабар таратты.
Орус Коргоо министрлиги маалымдагандай, тогуз дрон Воронеж, сегизи Белгород, төртөө Курск, экөө Липецк жана аннексияланган Крымда, дагы бири Москванын аймагында жок кылынган.
Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылаган. Украина ал соккудан 35 киши каза тапканын, 100дөн ашууну ар кандай жараат алганын билдирген.
АКШ, Евробиримдик, Бириккен Улуттар Уюму Сумыдагы кандуу чабуулду кескин айыптаган.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.
Шерине