Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:30

Айжигитов сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн БШКга арыз бергенин билдирди


Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов мандат маселесине байланыштуу Бишкек шаардык административдик сотуна берген арызын кайтарып алганын 13-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Мындай чечимин алгач Борбордук шайлоо комиссиясы менен сотко чейинки алдын ала териштирүү жүргүзүү аракети менен байланыштырды.

“Бир айдын ичинде сотко чейинки териштирүүнү БШК менен жасабасаң, сот 28-апрелден кийин арызымды такыр кабыл албай койгонго акысы бар экен. Ошого мен 8-апрелде соттон арызымды кайра алып, ошол эле күнү БШКга бергем. Алар мага азырынча жооп бере элек. Бул иште бардык эле процесстер мыйзамсыз жүрүп жатат”, - деди Айжигитов.

Ал 3,5 жылдан кийин мандат маселесинин кайра көтөрүлгөнүнө нааразылыгын билдирип, “анын соттуулугу тууралуу маселеде Боршайкомго бир гана сот органы кайрыла аларын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шайлоо процессине кийлигишип жатканын” белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов Айжигитовдун арызы түшкөнүн “Азаттыкка” ырастап, ал алгач комиссиянын юристтери тарабынан караларын билдирди. Андан кийинки процесстер адистер чыгарган корутундуга жараша жүрөрүн тактады.

УКМК Айжигитовдун айткандарына комментарий бере элек.

Бишкектин административдик соту буга чейин Айжигитовдун арызы кабыл алынганын, бул иш боюнча алдын ала сугуу 23-апрелге белгиленгенин кабарлаган.

БШК 28-мартта Султанбай Айжигитовдун мандатын алган. Ал жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айткан. Ал талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгон деп билдирген.

Султанбай Айжигитов соттуулугу жок экенин, анын мандаты саясий негизде алынганын билдирген.

Ал быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы өз өкүлүнүн мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.

19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу келишимдер ратификациядан өтүп, добуш берүүгө катышкан 85 депутаттын ичинен жалгыз Султанбай Айжигитов каршы добуш берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 19-марттагы жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишимдери тууралуу маалымат берип жатып, “Султанбай Айжигитов 2017-жылы бир баланы уруп кылмыш иши ачылганын, кийин мөөнөтү өттү деген негиз менен кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткенин” айткан. Бул боюнча документтерди БШКга бергенин билдирип, “эртең Султанбай Абдрашитовичтин мандатын алып койсо таң калбаңыздар” деген.

Султанбай Айжигитов “баланы сабаганы тууралуу далил жок экенин, ушунун негизинде “мөөнөтү өтүп кетти” деген жүйө менен сот бул ишти жапканын жана соттуулугу жок экенин” айткан.

Айжигитов 2000-жылдан тарта бир нече жыл Баткен облусунда ар кандай кызматтарда иштеп, эки жолу облустун губернатору болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңешке “Ыйман Нуру” партиясы менен шайланып келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG