Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 14-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Орусиядагы мигранттардын абалы тууралуу маалымат берди. Министр депутаттарга 10-апрель күнү Москва шаарында кыргызстандык ишкерлерге таандык мончодо мигранттарды полиция сабаган окуя боюнча көрүлүп жаткан чараларды айтып берди.
Депутат Жанарбек Акаев былтыр Бишкекте пакистандык жарандарга жасалган орой мамиледен кийин, алардын өкмөтүнүн кыргыз өкмөтүнө койгон талабын, кыргызстандык аткаминерлердин пакистандык студенттердин алдында кечирим сурашканын эске салды. Депутат министр Жээнбек Кулубаевди тышкы саясат мекемесинин башчысы катары кыргызстандык мигранттардын укугун коргой алган жок деп сынга алды.
"Мына, былтыр майда пакистандык студенттерге кыргызстандык айрым жаштар кол көтөрүп койгондо эмне болду эле? Пакистандын тышкы иштер министри эртеси учуп келип, өзүңүз менен жолуккан. Вице-премьер-министрибиз баш болуп, пакистандык студенттерден кечирим сураган, жарандык активисттерибиз тамак ташыган. Пакистандын премьер-министри жеке тынчсыздануусун билдирди. Ал эми Москвадагы жагдай боюнча таптакыр тескерисинче болду? Биздин премьер-министрибизден үн жок. Орусияда кыргызстандыктарды полиция өтө зөөкүрлүк менен сабады. Сиздер болсо Москвадан болгону маалымат сурап коюп отурасыздар. Анан бул жерде бизге Орусиянын "салык төлөбөгөн, машине токтотуучу жайды мыйзамсыз уюштурган" деген маалыматтарын айтып отурасыз. Ушулар үчүн эле сабаш керекпи? Жарандарыбызды коргошубуз керек", - деди Жанар Акаев.
Дагы бир депутат Кубанычбек Самаков ТИМ кыргызстандык мигранттардын укугун коргобойт деди.
"Мына өзүңүз эле депутаттарга маалымат берип жатып, "биздин жарандарыбыз мончого чогулуп отурбаш керек болчу" дегендей мааниде сүйлөп атасыз. Сиз сабалган биздин мигранттардын эмес, аларды сабагандардын таламын талашкандай мамиле кылып жатасыз. Элге туура маалымат берип, жок дегенде, "жеке көзөмөлүмө алдым" деген "дүжүр" сөздөр менен жайкап койсоңуз да болмок", - деди Самаков.
Министр Кулубаев Москвадагы окуя боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да тынчсызданып жатканын, ага толук маалымат берилгенин, жакын арада сүйлөшүүлөр жүрөрүн билдирди.
Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.
14-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада болгон окуя боюнча Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго расмий нота тапшырды. (ZKo)
Шерине