Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-апрелдин түнү болгон шамалдын кесепетинен Тоң районунун Мамбетов айыл аймагында жалпы 64 имарат зыян тартканын, алардын 35и турак үй экенин билдирди.
12-апрелде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген материалдык чыгымды эсептеп чыгышкан. Болжол менен жалпы 1 миллион 436 миң 775 сом (анын ичинен социалдык объектилер 101 миң 200 сом) зыянга учураганы белгилүү болуп, акт түзүлгөн.
Кыргызгидромет борбору 14-апрелде жер-жерлерде жаан-чачын нөшөрлөп жаап, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.
Шерине