Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду 14-апрелде министрликке чакырып, жолугушту. Элчи 11-апрелде Москва шаарындагы "Бодрость" мончосунда Кыргызстандын жарандарын жапырт кармоого байланыштуу чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, элчи Сергей Вакунов менен министрдин орун басары Алмаз Имангазиев сүйлөштү. Ал элчи аркылуу Орусия бийлигине мончодогу операциянын мыйзамдуулугу, андагы жарандарга күч колдонуунун себептери боюнча маалымат берүү жана күч колдонуу негизсиз болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота тапшырды.
Имангазиев ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүүнү өтүнүп, кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетирүүчү бул сыяктуу жагдайларга жол бербөөнү элчи аркылуу орус бийлигинен суранды.
Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. (ZKo)
Шерине