Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Акыйкатчы "Илбирс" аскер бөлүгүндө ок атылган окуяны иликтөөнү суранды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына эки аскер мушташып, ок атылган окуяны иликтөөнү суранып кат жолдоду. Бул тууралуу аталган мекеме 12-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын өкүлдөрү Бужум айылындагы Коргоо министрлигине караштуу “Илбирс” атайын аскердик бөлүгүнө барышкан.

"5-апрелде бул бөлүктө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан А.у.Б. менен кенже сержант Э.у.Б. жакалашкан. Кармаш учурунда Э.у.Бга таандык куралдан ок атылып, экинчи аскердин акырегине тийген. Аскер кызматкери алган жараатынан улам Баткен облустук ооруканасында бир күн дарыланган. 6-апрель күнү аны Ош шаарындагы аскердик госпиталга которушкан", - деп жазылган маалыматта.

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалганы маалым болду.

Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгү аскердик госпиталда дарыланып жаткан аскерден кабар алган. Госпиталдын командиринин орун басары Нурсейит Карабаев жараат алган аскер ал жерде бир ай дарыланарын билдирген.

Кыргызстандын армиясында аскер өлүмү, суицид, уруп-сабоо фактылары катталып келет. Коргоо министрлиги акыркы жылдары жоокерлер арасында чоңсунуу азайганын билдирген. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG