Эмин Агаларов жана атасы Араз Агаларов экөө ээлик кылган Crocus Group компаниясы мурдараак Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирүүсүн бажы жабдуулары менен камсыздаган жана ал иштер күмөндүү жагдайлар менен коштолгон.
Концерттен кийинки жолугушуу жана ыктымал долбоор
Орусиялык жана азербайжандык ишкер, ырчы, обончу, шоу-бизнесте Emin деген ат менен таанылган Эмин Агаларов быйыл апрелдин башында Бишкекте концерт коюп, сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен да кездешти.
Жолугушууга президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана мамлекет башчынын уулу Рустам Жапаров да катышты.
Эмин Агаларов Ысык-Көлдү да көрүп, анда эс алуучу жай куруунун күңгөй-тескейин сүрүштүрдү. Өз билдирүүсүндө ишкер бул жааттагы планын учкай жарыялады.
“Бүгүн бизде Кыргызстандын урматтуу президенти менен жолугушуу болду. Кыргызстанда сапар укмуш. Жамгырдын добушу менен 10 саат жолдо жүрдүк. Дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири, өлкөнүн эң ажайып жайы Ысык-Көл. Ысык-Көл Байкалдан кийинки эле терең көл, эң терең жери 668 метр. Мен Кыргызстан абдан ыкчам өнүгүп жатканына таң калдым. Жаңы отелдер, жаңы парктар, туристтик жаңы объектилер. Кыргызстан инвестицияларга жана жаңы долбоорлорго ачык экен. Бул абдан кубандырат. Балким, жакын арада бул жерде анча чоң эмес Sea Breeze да пайда болуп калышы мүмкүн”, - деди Эмин Агаларов социалдык тармактарда жарыяланган видеосунда.
Sea Breeze демекчи, бул Эмин Агаларов ээлик кылган Азербайжандагы ири эс алуучу жай. Ал Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан жана 2006-жылы негизделген.
Туристтик борбордун аянты 500 гектарды түзөт жана ал ондогон мейманканаларды, коттеждерди, көп кабаттуу үйлөрдү, соода жайларын, ресторан-кафелерди жана башка жайларды кошо камтыйт.
Эмин Агаларов мурдараак Sea Breeze туристтик комплексинин чакан филиалдарын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген башка өлкөлөрдө да ачуу планын жарыялаган. 2024-жылы ал Өзбекстандын бийлиги менен андагы Чарбак суу сактагычынын жээгине ушундай аталышта эс алуучу борбор куруу келишимине жетишкен.
Sea Breeze борборунун Кыргызстандагы филиалы кайсы жерге түшөрү азырынча белгисиз. Президенттин администрациясы жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттик бул боюнча так маалымат тарата элек.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев "Азаттыкка" комментарий берип, Ысык-Көлгө инвестиция тартуунун келечегине токтолду:
“Эмин Агаларов Кыргызстанга инвестиция салам десе, кош келиптир. Биз кайсы гана инвестор болбосун, кош колдоп кубаттап алышыбыз керек. Өзүңүздөр билесиздер, Ысык-Көлдө беш жылдыздуу эмес, керек болсо үч жылдыздуу мейманкана жок. “Аврора”, “Каприздерибиз” бар, бирок алардын тиешелүү жылдыздары жок болсо керек. Ошого бизге дүйнөлүк Rixos, Hayat, Holiday Inn сыяктуу чоң-чоң мейманканалар, жылдызчасы чынжыр менен созулган ири бренддер келсе болмок. Ысык-Көлгө ошолордун баары келсе жакшы болмок. Мындай чоң инвесторлордун келүүсү биздеги инвестициялык климат жакшы жагына өзгөрүп жатканынан кабар берип турат. […] Демек, Кыргызстанда криминал менен күрөшүү, мыйзамсыз иштеген акчалуулар менен күрөшүү, "кызыл китеп" боюнча президенттин пикири, мунун баары инвестициялык климатка жардам бере турган нерселер”.
2023-жылы Азербайжан президентинин иш башкармалыгынын башчысы Рамин Гулузаде менен Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча макулдашуу кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров 2024-жылы кол койгон.
Документ Жогорку Кеңеште каралган маалда мейманкана Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылына түшөрү айтылган. Бул үчүн Кыргызстан 17 гектар жер бөлүп берери, анын 12 гектарына мейманкана түшсө, калганына парк жана эс алуу жайлары курулмак. Жер аянты Азербайжанга 49 жылга ижарага берилери, комплекс алгачкы 10 жылда салыктан бошотулары айтылган.
Кыргызстандын бийлиги бул жерге кайсы компания мейманкана курарын так айткан эмес. Ушундан улам айрым маалымат каражаттары “Эмин Агаларовдун компаниясы туристтик жайды ошол жерге салышы мүмкүн” деп жазууда.
Инвестициялар жана мейманканалар
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга чет жактан инвестиция тартуу саясатын кызматка киришкенде эле күчөтө баштаган. Бул үчүн ал түрдүү шарттарды жеңилдетип, анын ичинде Кыргызстанда казино ачууга кайрадан уруксат берилди жана чет элдиктерге Ысык-Көлдө мүлк алууга салынган тыюу алынды. Жапаров чет өлкөлөргө сапарларында инвесторлорду чакырып келет.
Бул иштердин алкагында кытайлык ишкерлер борбор калаада Bishkek City Center аталышында 37 кабаттуу көп тармактуу комплекс куруп баштаса, франциялык ишкерлер Manas Tower деген аталыштагы 45 кабаттуу мейманканасын салып жатат.
Вьетнамдык инвесторлор болсо Бишкектеги мурдагы ат майдандын аймагына Royal Central Park көп функционалдуу комплексин кура баштады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл 8-апрелде "Кабар" улуттук агенттигине берген интервьюсунда буларга токтолгон:
“Казиного уруксат берерибиз менен өлкөбүзгө инвесторлор агылып келди. Ким 5 жылдыздуу мейманкана салса лицензия беребиз деген шарт койгонбуз да. Азыр ушул тапта 10го жакын беш жылдыздуу, бир 7 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун инвестиция кирди деген сөз. Булар бүтүп ишке берилсе он эсе пайда алып келет. Туристтер келет. Алардан да акча каражаттары калат. Кудай буюрса мейманканалардын алды эмдиги жылы ишке бериле баштайт. 7 жылдыздуу мейманкана биздин чөлкөмдө биринчи жолу салынып жатат болуш керек? Мындан сырткары ат сарайга айланып калган илгерки профсоюздардын “Достук”, “Саякат”, “Ак кеме” мейманканаларын инвесторлор беш жылдыздуу кылып куруп жатат. “Саякаттын” ордуна жаңы мейманкананын курулуш иштери башталды. Ош, Жалал-Абад, Баткенге да 5 жылдыздуу мейманканаларды куруу үчүн жер сурап жүрүшөт. Кыскасын айтканда, казиного лицензия берүү менен мамлекет уттурган жок”.
Эмин Агаларов Орусиядагы ири ишкерлердин бири саналган Араз Агаларовдун уулу. Алар экөө ээлик кылган Crocus Group холдинги курулуш менен алектенет жана соода-көргөзмө жайларын иштетет. Араз Агаларов Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын адам саналса, уулу Эмин мурда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин кызына үйлөнүп, кийин ажырашып кеткен.
Агаларовдордун компаниясы АКШнын азыркы президенти, миллиардер Дональд Трамп ээлик кылган "Аалам сулуусу" конкурсун Орусияда өткөрүп турат.
2024-жылы Москвадагы Crocus Group компаниясына караштуу “Крокус Сити Холлдо” куралдуу чабуул болуп, кеминде 145 киши мерт кеткен.
Адистердин баамында, ата-бала Агаларовдор бул окуядан кийин башка өлкөлөрдө да бизнес ачууга басым жасай башташкан. Мисалы, Эмин Агаларов былтыр Бишкекте Crocus Fitness тренажёрдук залдарынын филиалын ачкан.
Жарандык активист Адил Турдукулов "Азаттыкка" мындай пикири менен бөлүштү:
“Крокустагы” теракттан кийин Кремль тараптан ага карата дагы “суук мамиле боло баштады” деген маалыматтар чыккан. Ошондуктан Агаларовдордун үй-бүлөсү финансылык капиталын чет жакка чыгаруу аракетин көрүп жаткан жокпу деген да ойлор бар. Анткени Орусияда туруп бизнес жүргүзүү кыйын болуп калды. Дегеним, санкцияларга дуушар болуп жатышат. Башка жагынан алганда, булар мурунтан эле эл аралык бизнеске умтулуп келишет, аны ошол эле Трамп менен байланышы ырастап турат. Бул Кыргызстанга эмне үчүн кызыгып жаткан себеби да ошондой эле мүнөздө болушу мүмкүн. Ал аракети азыр эле башталган жок. Былтыркы жылы фитнесс клубдардын тармагын түзүштү. Менимче, муну менен алар диверсификациялоого аракет кылып жатат”.
Күмөндүү жагдайлар жана кооптонуулар
Баса, Агаларовдор үчүн Кыргызстан жаңы горизонт эмес. Алардын Crocus Group холдинги мурда Crocus International деп аталган жана 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирүүсүн бажы жабдуулары менен камсыздоо боюнча иш жүргүзгөн.
Кыргызстан уюмга так ошол жылы кирген жана анын биримдикке интеграциясы үчүн Орусия 200 млн доллар бөлгөн. Ал каражат мыйзамдарды жана маалыматтык системаны шайкеш келтирүүгө, тиешелүү адистерди даярдоого жана чек ара менен бажы бекеттерин жаңылоого жумшалмак. Кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасындагы бекеттерди жаңылоого бул сумманын 129 млн доллары бөлүнүп, акча кайра эле орусиялык Crocus International компаниясына берилген.
Кезинде Crocus компаниясынын бул тендерди утуп алуусу анын кожоюуну Араз Агаларов Кремлге жана Орусиянын Бажы кызматынын ошол учурдагы жетекчиси Андрей Бельяниновго жакын болгону менен байланыштырылган.
Кыргызстандын оппозициясы ортолукта Орусия бөлгөн каражатты иштетүү күмөндүү жагдайлар көп болгонун сындап келген. Маселе Жогорку Кеңеште да талкуу жараткан.
2017-жылы Кыргызстандын Бажы кызматы берген маалыматта Crocus International компаниясы болгону 19 млн доллар каражатты иштеткени айтылган.
Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусия өзү берген акчаны каалаган компанияга которорун айтып, аны иштетүүдө коррупция жоктугун айтып чыккан.
Кайрадан Адил Турдукуловдун сөзүнө орун берели:
"Орусия тарап бул каражатты өз ыктыяры менен берип жатканы үчүн “биз аны өзүбүз текшеребиз” дегендей мамиле кылышкан. “Силер кийлигишпегиле, өзүбүз акча берген соң сапатына да өзүбүз жооп беребиз” деп жатышат. Ошондуктан биздин Кыргызстан тарап да бул иште көп талап коюп жатышкан жок. Бирок чындыгында Crocus International компаниясы аткарган иш канчалык алгылыктуу болду, иш канчалык жасалды, ошол иштер кандай болду деген маалыматтар ачык чыккан эмес. Маалымат жокко эсе. Ошондуктан бул жерде кандайдыр бир тыянак чыгаруу кыйын эле болот".
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, акыркы жылдары Кыргызстанга келген түз инвестиция бир көбөйүп, бир азайып жатат. Мисалы, мурдагы жылдары 1 млрд доллардан ашык каражат келсе, соңку эки жылда сумма кайра 700-800 млн долларга чейин түшүп кеткен.
Кыргызстанга инвестициялардын көбү Кытайдан, Орусиядан жана Түркиядан келет. Азербайжандан болсо былтыркы жылы Кыргызстанга 30 млн доллардай тикелей инвестиция келген.
Шерине