Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвадагы мончолордун биринде мигранттар ур-токмокко алынганы айтылган окуя териштирилип жатканын 12-апрелде билдирди.
Анда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москванын Тимирязев райондук полициясына жеткирилген кыргызстандыктардан кабар алганы, учурда аларга укуктук жардам берилип жатканы белгиленет.
Ошондой эле орус полициясынын мончодо кыргыз жарандарына мыйзамсыз аракеттерди жасаганы тууралуу маалымат текшерилип жатканын ТИМ кошумчалады.
Буга чейин соцтармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы уруп-сабады делген видео тасма тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
"Азаттык" аталган мончодогу айрым журтташтар менен байланышканда полиция ал жерге бастырып кирип, баарын иргебей эч себепсиз ур-токмокко, кыйноого алганын айтып берген.
Видео тасма тараган соң парламент депутаты Жанарбек Акаев бул окуяга кириптер болгон кыргызстандыктардын укугун коргоо маселесин көтөрдү.
Шерине