Ал тапта адистер мындай убада берген уюм-компаниялардын арасында иши күмөнү да бар экенин эскертип, элди сак болууга чакырууда.
2024-жылдын декабрь айында тартылганы айтылган видеону ТикТок социалдык тармагынан таптык. Анда 700дөн ашык кыргызстандыкка 2,5 млн сомдон берип, үйлүү кылам деген Алиакбар Каныбек уулу өзү сүйлөп, элге кайрылуу жасаган.
Ал буга чейин тартылган бир нече видеолорунда президент Садыр Жапаровдун жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын атап, алардын колдоосу менен элди үйлүү кылууга себепкер болуп жатканын айткан. Кийин ага арабиялык жаран кайрымдуулук иретинде кыргызстандыктарга үй алып берүү сунушу менен кайрылганын, ошол кишиге жардам берип жүргөнүн билдирген.
""Ашар бирикмесине" келип, турак жай алуу үчүн кезекте турган жалпы мекендештерди өзүбүздүн закуп күнүбүзгө чакырабыз. Урматтуу Жапаров Садыр Нуркожоевич, урматтуу жалпы бийлик өкүлдөрү, мени колдоп, дайыма алдыга сүрөп келген биздин кардарлар, баарыңыздардын бата-тилектериңиздер менен ушул күнгө жеттим. Буга чейин биз "закуп" деп уюштуруп, ар кандай бут тосуу, каралоол болгон себептен ошол иш-чараны уюштурбай келгенбиз. 9-январда буюрса мен купуя айткан дарек боюнча чакыруу жөнөтөм. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, 9-январдагы закуп күнү "Ашардын" кардарлары колуна 2,5 млн сом алып, өзүлөрү көксөгөн үйлөрдөн алышат деп сиздин алдыңызда жана мекендештеримдин алдында убада берем", - деген ал видео аркылуу.
Эки жыл мурда ачылганы айтылган "Ашар бирикмеси" коомдук фонду келгендердин ар биринен 175 миң сомдон алып, андан тышкары дагы 7 миң сом салык акысы деп ай сайын жыйнап турганын акча салгандардын бири "Азаттыкка" айтып берди. Ал аты-жөнүн ачык айткысы келген жок:
"Өткөн жылдын 3-декабрында катталганбыз. Ага чейин, тагыраагы, эки жыл мурун жолдошумдун агасы катталган болчу. Кайнагам ал акчасын өткөн жылдын август айында кайтарып алды. Биз болсо 175 миң 400 сом бергенбиз. Катталып жатканыбызда, 2025-жылдын 9-январында үй алып беребиз деп убада кылган, ал тууралуу видеосу да бар. Бирок үй берүүгө бир канча киши тоскоолдук кылып, бут тосуп жатканын айтып 12-январга, анан кайра 16-январга жылдырды. Оштон, Баткенден келчү кишилерге да жолго чыга бергиле дейт да кайра түнкүсүн "отмена" болуп калды дейт. Алиакбар анда Мамлекеттик ипотекалык компания берип жаткан үйлөрдөн аларыбызды, бул үчүн президент менен сүйлөшкөнүн айткан. Биз, албетте, ишенгенбиз. Анан кайра туруп акчаңарды кайтарып беребиз деди. Ошентип "тил эмизип" жүрүп акыры камалды. Бирок бизде үй алабыз деген ишеним күч болчу".
Биз атын шарттуу түрдө Айым (аты өзгөртүлдү) деп атаган келин айткандай, Алиакбар Каныбек уулу 175 миң сомдон бергендерге президент Жапаровдун көмөгү менен кайра 2 млн 450 миңден акча берилерин убада кылган экен. "Ашар бирикмесине" акча салгандардын арасында 500 миң, миллион сомдон же андан ашык акчасын карматкандар да болгону айтылууда.
Соңку айларда Алиакбар Каныбек уулуна акчасын бергендердин арасында ага нааразы болуп, ишеним жоголгондор ал ижарага алып иштетип жүргөн кеңсеге тынымсыз каттай баштаган.
Бул коомдук фонд аркылуу канча киши үйлүү болгону азырынча беймаалым. Айрым анын катталуучулары бир да киши мүлккө ээ болбогонун белгилеп жатат.
Бул арада Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 25 жаштагы Алиакбар Каныбек уулун 10-апрелде кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгенин маалымдады.
"Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык ) боюнча кылмыш иши козголду. Алгачкы эле тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында 25 жаштагы Каныбек уулу 600дөн ашык адамдан 150 миллионго жакын акча чогултуп алгандыгы ырасталган", - деп айтылды Бишкек шаардык милициясынын маалыматында.
Кармалгандан кийин Каныбек уулу элдин акчасын кайтарып бере албай турганын айткан.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары сөз болуп жаткан жаран Орозо айында кайрымдуулук кылып, 100 адамга кичи ажылыкка жолдомо бергенин жазган. Бул тууралуу видео соцтармактарда да тарап, калк арасында талкуу жараткан. Ал ошондой эле СМА оорусу менен жабыркаган үч балага каражат чогултуп жатканда өз атынан 900 миң сом бергени ТикТокко жарыяланган.
Каныбек уулу жетектеген бул уюмдун күмөн иштери туурасында журналисттик иликтөөлөр дагы жасалган. Media Hub медиасынын журналисти Асел Шамилова 2023-жылдан бери бул уюмдун ишмердүүлүгү, анын тегерегиндеги күмөн жараткан жагдайлар туралуу кеңири видео даярдаган журналист. Ал Каныбек уулунун кеңсесине барган учурда суроолоруна тиешелүү жооп ала албаганын айтууда:
“Биздин иликтөөлөр 2023-жылдын ноябрында жарыяланган. Анда биз “Ашардын” мыйзамдуулугу, документтери, ойноткон казинолору тууралуу айтып бергенбиз. Маселен, алгач бул коомдук бирикме казино катары ачылган. Андан кийин эле элге үй алып беребиз ашар жолу менен, ал үчүн 80 миң сомдон төлөйсүңөр деп калышты. Анда айткан шарттарына ылайык, алгач бир кишиге, анан акча топтоп экинчисине, үчүнсүсүнө үй сатып берип, бул чынжырча катары кете бермек дешкен. Анан эле бизге ушу бирикмеге акчасын салып, бирок акчадан да, үйдөн да жок отурган үй-бүлөлөр, катардагы жарандар кайрыла баштады. Биз кеңсесине барып, Алиакбар менен сүйлөшкөнүбүздө, эл салган каражаттын дайынын сураганыбызда компаниянын шарттарына ылайык ал акчаны Дубайга салганын, ошол жерде сактарын белгилеген болчу. Биз бир эмес бир нече иликтөө материалдарын чыгарганыбыз менен укук коргоо органдары бир дагы чара көргөн жок. Анысы аз келгенсип, Каныбек уулу бир катар аттуу-баштуу адамдар, актер же болбосо белгилүү адамдар менен сүрөткө түшүп, аларды иш-чараларына катыштырып, Инстаграм өңдүү соцтармактарда пост жаздырып турду. Анын бул кадамы элди дагы да ишендирип, “Ашарга” акчасын салууга үгүттөп турду. Биз дал ошол жүзү таанымал адамдардын элди алданып калышына түрткү болгону үчүн аларды да мыйзам чегинде жоопко тартуу керек деп эсептейбиз. Маселен, акчасын салгандардын көбү “тиги же бул актердун постун көргөндөн кийин ишенип барып акчамды салдым эле” деп жооп берип жатышат бизге. Ал тургай медиалардын арасынан 7-канал, Сереп медиа да андан кеңири маек алып, ал уюштурган иш-чараларды жүз миңдеген аудиториясына көргөзүп, элди ынандырганга кол кабыш кылган. Мына ушундай медиалар да мыйзам алдында өз жоопкерчилигин тартышы керек”.
Жогоруда аталган медиалар бул боюнча комментарий бер еэлек.
Экономист Кубан Чороев жарандарды сак болууга, бул сыяктуу токторго акчасын ишенип берүүдөн мурда алардын таржымалын тыкыр текшерүүгө чакырды.
"Үйгө муктаж болуп, алам дегендердин саны көп. Ошого алар өзүнө ылайыктуу жеңил жолдорду издешет. Тилекке каршы, үй алуунун 3-4 эле жолу бар. Мисалга, кооперация жолу, мамлекеттик ипотека, курулуш компаниялар менен келишим. Ал эми ушундай коомдук фонддор элге үй алып берүүнү максат кылып койгон мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Алар кандайдыр маселелерди, ошол эле социалдык багыттагы көйгөйлөрдү чечкенге гана уюм катары иш алып барат. Ошондуктан юридикалык жактан кандай келишим түзүшкөнү тууралуу маалымат маанилүү. Коомдук фонддорго адамдар өз ыктыяры менен каражатын төгүп берет. Ортодогу келишим кандай экени белгисиз. Элдин түшүнбөстүгүнөн пайдаланып ушундай туура эмес багытта түзүлгөн фонддордун иши көбөйдү. Үй алып берем деп келишим түзгөнү мыйзамга туура келбейт".
Буга чейин "Азаттык" радиосу "Ихсан", MCN коин өңдүү бир катар каржы топторунун иши тууралуу жазып, аларга алданып калгандардын тобунун үнүн уккан. Адистер элге оңой жол менен тез байып кетүүнү убада кылгандарга, тез арада арзан үйлүү кылууга сөз бергендерге алданып калбоого чакырып, юристтер менен кеңешүүнү сунуштап келишет.
Алиакбар Каныбек уулу өзү же анын адвокаттары да, "Ашар" да милициянын билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бер элек.
Шерине