Кытай офицерлери Бээжиндин колдоосу менен орусиялык аскерлердин майдандан алыс аймагында согуш тактикасын изилдеген. Бул тууралуу Рейтер агенттиги эки америкалык чиновникке жана Батыштын чалгын кызматынын мурдагы кызматкерине таянып билдирди.
Агенттиктин булагынын айтымында, орусиялык армиянын катарына 200дөй кытай жараны кошулган. Алар жалданма аскерлер жана Кытай менен түз байланышта болушкан.
Америкалык чиновниктер Рейтерге кытай аскерлеринин даярдыгы чабал болгондуктан Орусиянын аскердик операцияларына таасир этпей турганын белгилешкен.
8-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда Кытайдын эки аскери туткунга алынганын билдирген. Ал бул аскерлер жалданма жоокерлер болгон-болбогонун же Түндүк Кореянын аскерлериндей эле кандайдыр бир эки тараптуу келишимдин негизинде Украинанын аймагына кирген-кирбегенин так айткан эмес. Көп өтпөй өлкөнүн атайын кызматында кеминде 155 кытай жараны орус армиясынын катарында согушуп жатканы жөнүндө маалымат бар экенин айткан.
Кытай өз аскерлерин Украинадагы согушка жибербегенин билдирген.
Шерине