Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:45

Ала-Арча паркына май айынан баштап автоунаа киргизилбейт


Ала-Арча паркы
Ала-Арча паркы

Ала-Арча жаратылыш паркына май айынан баштап күйүүчү май менен жүргөн автоунаалар киргизилбейт. Келген конокторду парктын ичине атайын уюштурулган электрокарлар жеткирет.

Президенттин иш башкармалыгы мындай чектөө экологиялык туруктуулукту сактоо багытында кабыл алынганын билдирди.

"Жакын арада Бишкектен түз автобус каттамдары ишке кирет, буга чейинкидей парктын кире беришинде тыгын болбошу керек. Паркта алгачкы ирет курулуп жаткан асма жол жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда", - деп жазылган маалыматта.

Айрым медиалар Иш башкармалыкка таянып, паркта от жагууга тыюу салынарын, абанын булганышын азайтуу үчүн газ менен иштеген мештер орнотуларын жазышты.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачууну сунуштаган.

2023-жылы Туризм департаменти Ала-Арчада туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор куруларын маалымдаган.

Учурда Ала-Арчада эс алуучуларды кабыл алган 20дан ашуун коттеж бар.

Парктын жетекчилиги буга чейин "Азаттыкка" сезон маалында жаратылыш паркына күн сайын орточо 7 миң адам жана 900дөй унаа кирерин билдирген.

Экологдор Ала-Арча паркы макамы боюнча эс алууга ылайыкташпаганын айтып келишет.

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы өзүнчө корукка алынган. (ST)








Шерине

XS
SM
MD
LG