Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Комузчу Анара Эсенгулова дүйнөдөн кайтты


Анара Эсенгулова
Анара Эсенгулова

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова 62 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Анара Эсенгулова “Ысык-Көл” баяны күүсүнүн автору. Жумакадыр Каниметовдун “Ак-Мөөр” опера дастанында “Ак бугу” чыгармасын жогорку деңгээлде аткарган.

Бир топ жыл “Акмарал” бий ансамблинде солист-комузчу, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында оркестрдин солисти болуп эмгектенген.

Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында 15 жылдай кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуздан сабак берген.

Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы фонддо координатор болуп иштеп, кыргыз комузун пропагандалап, чет өлкөлөрдө гастролдорго чыгып жүргөн.

Анара Эсенгулова “Жаштар” сыйлыгынын, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. “Түгөлбай ата” эл аралык коомунун “Кыргыз Жылдыздары” медалынын ээси.

Анара Эсенгулова 1963-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. 1970-жылы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепке 1-класска кабыл алынган. 1978-жылы Фрунзе шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырып, 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Анара Эсенгулованын сөөгү бүгүн, 12-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

Шерине

XS
SM
MD
LG