Кыргызстанда 7100 адам ипотеканын алгачкы төлөмүн төгүү үчүн мамлекеттен 2 миллиардга жакын сом алды. Каражат пенсиянын топтомо бөлүгүнөн берилген.
Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 11-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы токтомуна ылайык пенсиялык топтоолорду төлөөдө жаңы өзгөртүүлөр кирген.
Ага ылайык, ипотекалык насыя алган жарандарга пенсиянын топтомо бөлүгүнөн алгачкы төлөм үчүн каражат алууга мүмкүнчүлүк берилген. Бул каражатты ипотекалык насыяны жабуу үчүн жумшаса болот.
Акча Социалдык фондго топтомо каражат төлөп жүргөн 1964-жылдан берки эркектерге, 1969-жылдан бери туулган аялдарга берилет.
Пенсиянын топтомо бөлүгүнөн ипотекага каражат 2022-жылдан бери берилип келет. (ST)
Шерине