Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электросамокат, гироскутер жана башка мобилдик унааны иштетүү тартиби боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу маалымат 8-апрелде өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Токтомго ылайык, электросамокат жана башка мобилдик унааларды ижарага берген жана алган тараптарга бир катар талаптар коюлат – ылдамдыгы саатына 25 чакырымдан ашпоого, атайын каттоодон өткөрүлүп, номер тагылып, чырак, арткы стоп-чырак, алдыңкы, каптал жарык чагылдыргычтар менен жабдылууга тийиш.
Мобилдик унааларды ижарага берген тарап аны пайдалануу учурундагы коопсуздук техникасы, эрежелери менен кардарды тааныштырууга милдеттүү. Ошондой эле мындай унаалардын техникалык абалынын оңдугуна, тазалыгына такай көңүл буруп, пайдалануучулардын жеке маалыматтарын коргоого жооптуу.
Жобого ылайык, мобилдик унааларды ижарага берүү түйүндөрү атайын бөлүнгөн жерлерде гана жайгашат. Түйүндөрдөн тышкары аймакта калтырылган унааларды ижарага берүүчү дароо алып кетүүгө тийиш.
Буга чейин мындай унааларды колдонуу боюнча белгилүү бир тартип-жобо болгон эмес. Ушундан улам мобилдик унаалардын айынан кырсыктар көп катталып жатканына нааразылык айтылган.
Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын маалыматына караганда, Бишкекте былтыркы алты айда 179 кырсык катталган, андан 192 адам жаракат алган. (ZKo)
Шерине