АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 23-апрелде Лондондо Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча өтө турган жолугушууга катышпай турганы кабарланды.
Эл аралык басылмалар Рубионун мындай чечимине дүйшөмбү кечинде Дональд Трамптын администрациясы тарабынан сунушталган тынчтык келишиминин негизги шарттарынын бирин украин президенти четке какканы себеп болгонун жазышты.
Буга чейин Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Тэмми Брюс Лондондогу жолугушууга АКШ тараптан Марко Рубио катышарын кабарлаган. Тэмми Брюс Рубионун азыркы чечимин "анын иш тартибиндеги маселелерге" байланыштырды.
Американын маалымат каражаттары Марко Рубионун Лондон жолугушуусуна катышуудан баш тартуусуна сүйлөшүүлөргө байланыштуу соңку жагдайлар таасир эткенин жазышты.
Өткөн аптада АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Парижде өткөн жолугушуудан кийин Европанын жетекчилерине нааразылык билдирип, бул маселеде АКШнын чыдамы кетип баратканын айткан.
Лондондогу жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысынан тышкары, президент Трамптын атайын өкүлдөрү Стивен Уиткофф жана Кит Келлог катышары айтылган. Уиткофф бул жолугушуудан кийин Орусияга дагы барышы мүмкүн, бирок бул сапар тууралуу азырынча расмий жарыялана элек.
Бир күн мурун Украинанын президенти Владимир Зеленский Лондондогу жолугушуунун алдындагы брифингде Орусия аннексиялап алган Крымдын жана башка аймактардын макамын талкуулоо согуштун узарышына алып келерин билдирди.
"Бул биздин, Украинанын элинин аймагы. Бул жерде андан башка сөз болушу мүмкүн эмес, ал биздин Баш мыйзамга туура келбейт", — деди Зеленский.
Зеленский 23-апрелде Лондондо согушту жөнгө салуу боюнча Украинанын, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн делегацияларынын жолугушуусу өтөрүн мурдараак жарыялаган.
Украин президенти Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты ок атышууну шартсыз токтотуу экенин айткан. (AiA)
Шерине