Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Фархат Иминов Инвестициялар агенттигинин директору болуп дайындалды


Фархат Иминов
Фархат Иминов

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы 7-апрелде кабарлады. Агенттикти буга чейин башкарган Талантбек Иманов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Имановдун кайсы кызматка барганы жарыялана элек.

50 жаштагы Фархат Иминов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, 2018-жылы мандатын тапшырган. Ал мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун активдүү тарапкерлеринин бири болгон.


Анын мандаттан баш тартышын ошол кездеги президенттик шайлоодон кийин Бабановго козголгон кылмыш иши менен байланыштыргандар болгон.

2021-жылы Иминов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына сунушталганы парламентте кабарланып, бирок кызматка дайындалган эмес.

Президентке караштуу Инвестициялар агенттиги өлкөгө инвестиция тартуу, аны илгерилетүү жаатындагы мамлекеттик орган. Мекеме Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын мартында түзүлгөн.



Шерине

XS
SM
MD
LG