Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Казакстан ижарага алган пансионаттар боюнча макулдашууну өзгөртүү сунушталды


Өзбекстанга башкарууга берилген пансионаттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстанга башкарууга берилген пансионаттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Экономика министрлиги Казакстан Ысык-Көлдө 49 жылдык мөөнөткө ижарага алып, иштетип жаткан пансионаттарды жакшыртуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, макулдашууну токтотуп коюу укугуна ээ болуучу өзгөртүүлөрдү сунуштоодо. Буга байланыштуу аталган министрликтин демилгеси менен Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2024-жылдын 4-декабрында, 2006-жылдын 4-июлунда жана 2009-жылдын 1-декабрындагы эки тараптуу макулдашууларга өзгөртүү киргизилет.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Маалаев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, кеп Казакстан иштетип жаткан "Олимп", "Университет", "Самал" жана "Казакстан" пансионаттары тууралуу жүрүп жатат.

"Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык ушул төрт эс алуу борбору Казакстанга 49 жылга ижарага берилген жана казак тарап аталган эс алуу жайларын өнүктүрүүнү жана 4-5 жылдыздуу макамга жеткирүү милдеттенмелерин алган. Обьектилерди курууда жана пайдаланууда жумушчу күч катары Кыргызстандын жарандары 80% камтылышы керектиги жазылган. Биз муну 90% көтөрүп жатабыз. Ошондой эле документтерде макулдашуудагы талаптар беш жыл ичинде аткарылбаса, аны бир тараптуу жокко чыгаруу маселеси каралбаптыр. Биз ушуну киргизип жатабыз".

Маалаевдин сөзүнө ылайык, өзгөртүүлөрдүн ичинде макулдашуу бир тараптуу токтотулган учурда эс алуу жайлары толугу менен Кыргызстандын карамагына өтөт деген жобо да бар.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети сунушталып жаткан мыйзам долбоорун 1-окуудан кабыл алды.

Башка өлкөлөргө ижарага берилген эс алуу жайлардын акыбалы тууралуу маселе Жогорку Кеңеште буга чейин да көтөрүлгөн. 2023-жылдын сентябрында депутат Улукбек Ормонов “башка мамлекеттерге ижарага берилген пансионаттар жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбай жатат” деп сынга алган.

Кыргыз өкмөтү көл жээгиндеги "КазГу", "Олимп", "Казакстан" жана "Самал" пансионаттарын 2006-жылы 49 жылдык мөөнөткө Казакстанга ижарага берген. Эки тараптуу келишимде эс алуу жайлары 6-7 жылдын аралыгында оңдоп-түзөөдөн өтүп, туризмди өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлор ишке ашары жазылган.

Кыргызстандын башка коңшусу Өзбекстан да Ысык-Көлдөн төрт пансионатты 49 жылга ижарага алган. Былтыр пансионат куруу үчүн Азербайжанга 17 гектар жер берилген. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG