Украина борбордук бөлүгүндөгү Кривой Рог шаарында 5-апрелде орус армиясынын ракеталык соккусунан каза болгондорду эскерүү үчүн үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Анда 11 чоң кишинин жана тогуз баланын өмүрү кыйылды. Бул чабуулду Бириккен Улуттар Уюму дагы кескин сынга алды.
"Орусиянын эл тыгыз жашаган аймакта, аскердик күчтөр жок жерде, жардыруучу куралды колдонушу жарандардын өмүрүнө кайдыгер мамиле жасап жатканын көрсөтөт," -деди уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Фолкер Түрк.
Орусиянын Коргоо министрлиги "жогорку тактыктагы сокку" аскер жетекчилери жана Батыштан келген окутуучулар менен өткөрүлгөн жыйын өтүп жаткан жерге жасалганын билдирди. "Система" долбоору аныктагандай, ракета тийген райондо бир эле ресторан болгон. Ал жерге "Golden Snitch" сулуулук индустриясынын ишкерлеринин бизнес-форуму жана туулган күн майрамы өткөрүлгөн.
Шаар мэри Александр Вилкул соккуну согуш башталгандан берки эң катуу чабуул катары мүнөздөдү. Бул калаада согуш башталгыча 600 миңдей киши жашаган.
АКШ президенти Дональд Трамп согушту тез арада токтотуу жана Москва менен мамилени калыбына келтирүү боюнча иш алып барарын айткан. Бирок Орусия өткөн айда Американын толук согушту токтотуу планын кабыл алган жок.
Шерине