Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Былтыр жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 631 кишиге паспорт берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы Кыргызстандын жабык жайларында жазасын өтөп жаткан 742 жарандын паспорту жок экени аныктаган. Алардын 631и укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен паспорт алышканын Акыйкатчы институту бүгүн, 7-апрелде кабарлады.

Аталган мекеме жабык жайларда жазасын өтөп жаткан жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп, тийиштүү мамлекеттик органдарды абактагы жарандарды документтештирүү маселесине көнүл бурууга чакырды.

“Жазасын өтөп жаткан адамдарды зарыл документтер менен толук камсыз кылуу керек. Аларды паспорт менен камсыз кылуу социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүүдө, никеге туруу жана пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле камак жайынан бошонуп чыккандай кийинки убакытта ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана жумушка орношуу маселелеринде чоң өбөлгө түзөт”, - деп билдирди акыйкатчы.

Буга чейин маалым болгондой, Кыргызстандын түрмөлөрүндө 7 миңдей жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Степное айылындагы №2 түзөтүү мекемесинде 200дүн тегерегинде аял киши жазасын өтөйт.

Шерине

XS
SM
MD
LG