Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Орусияда спорт жана фитнес клубдарда мигранттарга каршы рейддер жүрүп жатат


Spirit Fitness спорт клубунда полиция рейд өткөрүп жаткан учур.
Spirit Fitness спорт клубунда полиция рейд өткөрүп жаткан учур.

Москва шаарындагы Spirit Fitness спорт клубунда полиция мигранттарга каршы рейд өткөрдү. Маалыматка караганда, тартип коргоочулар клубдун ичиндеги кардарларды улуту боюнча бөлүп жерге жаткырып, паспортторун талап кылган.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, полиция аскердик милдет тууралуу маалыматка кызыккан. Айрым эркектерди дароо аскердик комиссариатка алып кетишкен.

Бул соңку бир ай ичинде Москва, Санкт-Петербург, Иркутск жана Екатеринбург шаарларында мигранттарга каршы өткөрүлгөн төртүнчү жапырт рейд экени маалым болду. Юристтердин айтуусуна караганда, мындай текшерүүлөр ири шаарларда айына эки ирет болуп жатат.

Быйыл 5-февралдан тарта Орусияда миграция боюнча жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Жаңы эрежелерге ылайык, Орусияда мыйзамсыз жүргөн же мыйзам бузган мигранттар атайын реестрге киргизилип, өзүнүн жайгашкан жерин геолокациялык сүрөт менен көрсөтүп, Ички иштер министрлигине жиберип турууга милдеттүү.

Ал тизмедегилерге мүлк сатып алуу, автоунаа айдоо, банктын кызматтарын колдонууга тыюу салынат.

Эгерде мигрант кайра-кайра мыйзам бузса, аны депортация кылып, өлкөдөн чыгаруу каралган. Ошондой эле, тизмедеги мигранттарга кызмат көрсөткөн адамдарга да айыппул салынат.

Орусиядагы мындай чаралар "Крокус Сити Холл" соода борборундагы теракттан кийин күчөтүлгөн. Теракттын уюштуруучулары катары теги тажикстандык он чакты адам кармалган.


Шерине

XS
SM
MD
LG