Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөнүн куралдуу күчтөрүн согуштук даярдык абалына келтирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ирандын жогорку даражалуу аткаминерлерине таянып кабарлады.
Март айынын соңунда АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууга келе албаса, Вашингтон Тегеранга сокку урарын эскерткен. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Иран бийлиги Трамптын түз сүйлөшүү өткөрүү талабын четке каккан, бирок Омандын ортомчулугу менен кыйыр сүйлөшүүлөрдү улантуудан баш тартпайт.
Ирандын өкүлүнүн айтымында, Тегеран Ирак, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Түркия жана Бахрейнге билдирүү жиберген.
Анда АКШ Иранга чабуул жасаган учурда, бул өлкөлөрдүн Вашингтонду колдоосу, айрыкча аба мейкиндигин же аймагын колдонууга уруксат берүү — "душмандык аракет" катары кабыл алына турганы белгиленген.
Трамп Иран өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартуусу керек деп талап коюп жатат.
Кошмо Штаттардын жана Израилдин эсебинде, Иран жакын арада өзөктүк курал жасоого барышы мүмкүн. Бирок Иран мындай дооматтарды четке кагууда.
Иран бийлиги Трамптын администрациясына ишенбестигин билдирип келет.
Себеби, Трамп 2018-жылы, президенттик кызматындагы биринчи мөөнөтүндө, 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен Иран кол койгон өзөктүк келишимден Вашингтонду чыгарып кеткен. Бул келишимге ылайык, Иран өзүнүн өзөктүк программасын токтотуп, анын ордуна эл аралык санкциялар алынмак.
Шерине