Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

Кыргызстан Орусиядан мигранттардын укуктук абалын мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну өтүндү


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын тийиштүү бийликтерине кайрылып, кыргыз мигранттарга укуктук абалды мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну суранды. Бул тууралуу ТИМдин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында билдирди.

Имангазиев депутат Илимбек Кубанычбек уулунун суроосуна жооп берип жатып, бул маселе жакында Орусия өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстанга келген учурда талкууланганын айтты.

"Орус өкмөт башчысынын орун басары Оверчук менен Орусия президентинин жарлыгынын мөөнөтүн узартуу маселеси тууралуу да сүйлөшкөнбүз. Азыр жооп күтүп жатабыз. Биз бул маселени улам көтөрүп келе жатабыз. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакырганбыз. Андан тышкары биздин Орусиядагы өкүлүбүз Мамдуманын жана өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушуп турат", - деди Имангазиев.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өздөрүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш.

5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирген. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул мыйзам Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана өздөрүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү 1-мартка карата Орусиядагы тобокел тизмеге 83 миң кыргызстандык жаран киргизилгенин "Азаттыкка" билдирген.


Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG