Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Жылуулук менен ысык суунун акысын июндан тарта көтөрүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги быйылкы июнь айынан тартып жылуулук менен ысык суунун баасын жогорулатууну сунуштады. Министрлик сунушун коомдук талкууга чыгарып, баалар калктын керектөөсү үчүн да көтөрүлөрүн эскертти.

Тарифти жогорулатуу сунушунун негиздемесинде жазылгандай, жылуулук менен ысык суунун баасы 2023-жылы мекеме-ишканалар үчүн 25% кымбаттаганы менен, калк үчүн өзгөрүүсүз калган.

Документте ошондой эле былтыр тармактагы карыз 6,1 млрд сомго чыкканы белгиленген. Ага ылайык, 2024-жылы жылуулук ишканаларына чыгашаларын жабуу үчүн 4,3 млрд сом берилген.

Энергетика министрлиги учурда жылуулук менен ысык суунун акысы өздүк наркынан төмөн экендигин, бул жабдуулардын эскирүүсүнө алып келерин, аларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк болбосун эскертүүдө.

Ушундан улам, министрлик тарифти жыл сайын, 1-июнда көтөрүп турууну сунуштоодо.

Сунушка ылайык, 2025-жылдын 1-июнунан тарта 80 чарчы метрге чейинки батирлер үчүн жылуулук менен ысык суунун акысы 25 пайызга, 2026-жылы 50%, 2027-жылы 75 пайызга кымбаттайт. 2028-2030-жылдары тариф өздүк нарктын деңгээлине жараша көтөрүлөт.

Ал эми 80 чарчы метрден көп батирлердин, мекеме-ишканалардын жылуулук жана ысык суу акысы өздүк нарктын деңгээли боюнча кымбаттайт.


Энергетика министрлиги жыл сайын жылуулуктун өздүк наркын эсептеп турат. Быйыл 1 гигакалорияга (Гкал) 5998 сом деп бекитилген.

Аянты 80 чарчы метрге чейинки батирлер дотацияда. Шаар тургундары 1 гигакалорияга 1 560 сом төлөшөт. Калган 4438 сомду мамлекет кошуп берет. Өкмөт муну “социалдык тариф” деп атайт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG