Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Быйыл кызамык жуккан 5 миңге чукул учур катталды, сегиз бала чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык жуккан 4 872 учур катталды. Илдеттен сегиз бала чарчап калды.

Иммунопрофилактика борбору оорунун алдын алуу максатында жарандарды балдарын кызамыкка каршы эмдетүүгө чакырууда.

"Балаңызды эмдетүү менен сиз балаңыздын саламаттыгын жана өмүрүн сактоо менен кошо башка балдардын да - алардын ичинде медициналык себептер менен эмдөөгө тыюу салынган наристелердин да ден соолугун, өмүрүн сактап каласыз. Вакцинанын коопсуздугу боюнча маселелер тынчсыздануу жаратышы мүмкүн, бирок, эмдөө бардык илимий текшерүүлөрдөн өтүп, натыйжалуулугун көрсөтө алганын унутпашыбыз керек", - деп жазылган маалыматта.

Республикалык иммунопрофилактика борбору ошондой эле 2024-жылы кабыл алынган мыйзамда эмделбегендерди билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине кабыл алуудан баш тартуу, алардын билим берүү тармагында иштөөсүнө тыюу салуу, эмделбей, ооруга чалдыккан балдар үчүн ата-энесин жоопко тартуу сыяктуу чаралар каралганын эскертти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, былтыр 14 380 адам кызамыкка чалдыкса, алардын 90% эмдөө албагандар экени аныкталган.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бардык аймактарда кызамык эпидемиясы кескин өсүп жатканын, өлкөдө өтө кооптуу кырдаал болуп турганын эмдөөгө байланыштуу уюштурулган жыйында билдирген. Бул жаатта жер-жерлерде маалыматтык өнөктүктөрдү күчөтүү талабы коюлган.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG