Түркиядагы негизги оппозициялык партиянын лидери бийликти “шайлоону эң кеч дегенде ноябрда өткөрүүгө” чакырды. Президент Режеп Тайып Эрдоганга жасаган кайрылуусунда “Республикалык элдик партиянын” (CHP) жетекчиси Өзгүр Өзел “эң кеч дегенде ноябрда биздин талапкерибиз менен беттешүүгө туура келерин” айтты. Партия Стамбулдун мэри, жакында камакка алынган Экрем Имамоглуну талапкер кылып көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Өзел президентти “элдин эркине кулак салууга” үндөдү.
Имамоглуга жемкорлук жана террордук топторго көмөктөшүүгө байланыштуу айып тагылган.
Анын камалышынан кийин CHP Имамоглуга каршы кылмыш ишинин артында саясат турарын билдирип, миңдеген киши катышкан ири демонстрацияларды уюштурган.
Бийлик акцияларды күч менен басып, эки миндей киши кармалды. Арасында студенттер, журналисттер менен жаштар бар.
Эрдоган өкмөт "вандализмге" жана "көчө терроруна" багынып бербей турганын, коомдук тартиптин бузулушуна жол берилбесин айткан.
Ал эми Европа лидерлери соңку камоолорду Түркиядагы демократиянын артка чегиниши деп сындашты.
54 жаштагы Имамоглу Стамбулдун мэрлигине экинчи жолу былтыр шайланган. Ал президент Эрдогандын башкы атаандашы деп сыпатталып келет.
Шерине