Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Газа: Израилдин соккусунан бир журналист каза болуп, онго чукулу жараат алды


Израил армиясынын соккусунун кесепети.
Израил армиясынын соккусунун кесепети.

Израил армиясынын 7-апрелге караган түнү Газа тилкесиндеги Нассир ооруканасынын жанындагы журналисттердин чатырына жасалган соккусунан жергиликтүү кабарчы Юсеф аль-Факауи каза болуп, онго чукулу жараат алды. Алардын айрымдары оор абалда экенин медиктер кабарлашты.

Бул чатырларда журналисттер согуштун жүрүшү тууралуу кабар даярдап жатышкан. Израил армиясы бул сокку ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) согушкерине багытталганын маалымдады, мындан башка толук маалымат бере элек.

Израилдин башка аймактарга да жасаган түнкү соккуларынан улам Газанын ар кайсы жеринде кеминде 57 адам каза болуп, 137си жаракат алганы кабарланды. Нассир ооруканасы 13 адамдын, анын ичинде алты аял жана төрт баланын сөөгүн кабыл алганын билдирди.

Ал эми Газанын борбордук бөлүгүндөгү Дейр-аль-Балах шаарындагы турак үйгө жасалган соккудан дагы эки киши каза болуп, үчөө жараат алганы маалымдалды.

Газанын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын кеч күзүнөн бери 51 миңдей палестиндин өмүрү кыйылды. Согуштун башталышына ХАМАСтын Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда жоочулар 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөйүн барымтага алып кетишкен.

Согуштун күчөп жатканына байланыштуу Франциянын президенти Эммануэл Макрон Египетке барып, президент Абдел Фаттах ас-Сиси жана Иорданиянын падышасы Абдулла II менен жолугушту. Ал Газа секторунда ок атышууну токтотууга жана гуманитардык жардам киргизүүгө чакырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG