Энергетика министрлиги ортомчу компанияларга электрди сырттан импорттоп келген баа менен алууну сунуштап жатат.
Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Энергетика министрлигинин баракчасына жарыяланган маекте министр ортомчулар мамлекеттик компанияларга атаандаш катары мүмкүнчүлүгү болсо иштеп, болбосо кыскарууга тийиш экенин белгилеген.
"Компаниялар электр энергияны “Кыргызстан улуттук электр тармагынан” сатып алып элге, кардарларга мамлекеттин тарифи менен сатат. Алар өздөрү линия тартат, кээ бир жерде көмөк чордон курат. Мурда мүмкүнчүлүк бар болчу, азыр электр өзүбүздө тартыш. Ошол себептүү электр энергияны биз мурда канча сомдон импорттоп келсек, ошону менен иш кылгыла деп жатабыз. Ал жерде деле биздин жарандар иштеп жатат. Дүйнөдө рынок, атаандаштык бар. Булар да мамлекеттик компаниялар менен атаандаша алса иштейт, болбосо жок. Булар өздөрүн генерация кылышы керек", - деди Ибраев.
Ибраев маекте ортомчу компаниялар чакан ГЭСтерди, күн же шамал менен иштеген станцияларды куруп, өздөрү электр энергиясын өндүрүүгө тийиш экенин айткан.
Буга чейин Кыргызстанда бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын өндүрүүчү компаниядан сатып алып, андан ары жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы тармактар аркылуу акыркы керектөөчүгө жеткирип келген.
Өкмөт импорттук энергиянын баасын жашыруун кармап, аны Кыргызстанга жарык экспорттогон өлкөлөр башка мамлекеттерге да сатканы үчүн маалымат ачык айтылбай турганы менен негиздеп келет.
Расмий маалыматтарда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан алары көрсөтүлгөн.
Буга чейин Министрлер кабинети жакын арада "Улуттук энергохолдинг" жоюларын жана энергетикадагы ортомчу компаниялардын санын дээрлик 2,5 эсеге азайтканын билдирген. 2022-жылга чейин алардын саны өлкө боюнча 28 болсо, кийин 12ге кыскарган.
Министрликтин эсебинде, акыркы он жылда Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 3,6 миллиард киловаттка өскөн. Мындан улам өкмөт 1-майдан тартып калк үчүн электр энергиясынын баасы киловатт саатына 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга көтөрө турганы айтылган. Эгер керектөө 700 киловаттан ашса, анда 2 сом 39 тыйындан 2 сом 60 тыйынга көбөйөт. Мектептер, бала бакчалар, мечиттер жана башка социалдык объектилер үчүн баа да 40 тыйынга кымбаттап, 2 сом 62 тыйын болот. (ST)
Шерине