Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 7-апрелде АКШга барууну пландап жатканын Axios өз булактарына таянып кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, сапар ишке ашса, Нетаньяху жаңы соода тарифтерин жокко чыгаруу максатында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен көзмө-көз сүйлөшкөн алгачкы чет элдик жетекчи болуп калат.
Буга чейин Израил америкалык товарлардын баарына төлөмдөрдү жокко чыгарууну убада кылуу менен АКШнын жаңы төлөмдөрүн айланып өтүүгө аракет кылган.
Трамп буга карабай Израилдин импортуна 17% төлөм киргизген.
Тараптар төлөмдөрдөн тышкары Газадагы ок атышууну токтотуу тууралуу туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдү жана Иран маселесин талкуулай турганы күтүлүп жатат.
Дональд Трамп Кошмо Штаттардын бардык соода өнөктөштөрүнө тарифтер киргизилгенин 2-апрелде жарыялаган.
Шерине