Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Украина: Киевге баллистикалык ракета менен сокку урулду


Киев. 6-апрель, 2025-жыл
Киев. 6-апрель, 2025-жыл

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жекшембиге караган түнү Орусия башкалаа Киевге баллистикалык ракета менен чабуул койгонун билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын Дарницк районунда соккудан эч ким жашабаган имаратта өрт чыгып, жакын жерде токтоп турган үч автоунаа күйүп кетти.

Оболонский районунда мебел цехи менен кампанын имараты, беш кабаттуу бизнес борбордун жогорку кабаттарына зыян келтирилди.

Соломенский районунда да кампанын имаратында өрт тутанды. Куткаруучулар Орусиянын бул чабуулунан үч киши жабыркап, экөө ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Украинанын Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов 6-апрелге караган түнү Орусиянын снаряды көп кабаттуу үйгө тийип, бир нече батирде өрт чыкканын, эки киши жараат алганын билдирди.

Орусия бул маалыматтарга комментарий бере элек.

Орус Коргоо министрлиги 6-апрелге оогон түнү Орусиянын үч аймагы 11 дрондун чабуулуна кабылганын, анын сегизи Ростов, экөө Курск, дагы бири Белгород облусунда атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

Шерине

XS
SM
MD
LG