Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:22

Франциянын соту Марин Ле Пенди төрт жылга кести


Ле Пен
Ле Пен

Франциянын соту ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясынын лидери Марин Ле Пенди Европарламенттин каражаттарын "туура эмес колдонгон" деп тапты. Бул тууралуу BFMTV басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда сот дагы сегиз депутатты күнөөлүү деп тапты.

Сот Ле Пенди төрт жылга кести. Анын эки жылында жазасын шарттуу өтүүгө милдеттүү болот. Дагы эки жылын саясатчы абакта өткөрөбү же үй камагында болобу азырынча белгисиз. Мындан тышкары, ал 100 миң евро айып төлөшү керек.

Ошондой эле Ле Пенге беш жылга мамлекеттик кызматты аркалоого тыюу салынат. Бул саясатчы 2027-жылы өтчү президенттик шайлоодо талапкер боло албайт дегенди билдирет.

Ле Пендин өкүлдөрү аппеляциялык арыз менен сотко кайрыла турганын билдирди.

Сотто Париждин прокуратурасы Марин Ле Пенди Европарламенттин каражаттарын туура эмес колдонгонун иликтөө иши боюнча беш жылга эркинен ажыратып, анын үч жылын шарттуу соттоп, 300 миң евро айып пул салууну сураган.

Саясатчы айыптоолорго жооп берип, прокуратура француздарды каалаган талапкерине добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну көздөп жатканын билдирген.

Ле Пен жана анын өнөктөштүрүнүн иши боюнча соттук угуулар Парижде былтыр сентябрда башталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча айыпталуучулар акчаны партиянын кызыкчылыгы үчүн кыянаттык менен пайдаланып, Европарламентке жасалма түрдө жардамчыларды жалдаган.

Ле Пен 2022-жылы Франциянын президенттигине талапкер болгон. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG