Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:30

Азия өнүктүрүү банкы климат, энергетика, ирригациялык долбоорлорго 222 млн доллар бөлөт


Азия өнүктүрүү банкы 2025-жылы энергетика, ирригация системасын оңдоо, климаттык долбоорлорго жана муниципалдык имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун камсыздоо боюнча сегиз долбоор үчүн 222 млн доллар бөлөт.

Анын ичинен 147,2 млн доллары насыя, 74,8 млн доллары грант. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улукбек Календеров 31-мартта парламент комитетинде баяндама жасап жатып билдирди.

Банк насыяны сегиз жылдык жеңилдетүү менен 32 жылга берет. Пайыздык чен жеңилдетилген учурда 1%, андан кийин 1,5% түзөт.

"Климатка жана табигый кырсыктарга туруктуу суу ресурстарын башкаруу боюнча кошумча каржылоо долбооруна 40 млн доллар, жеткиликтүү жана энергияны үнөмдүү турак жайга жеткирүү долбооруна 65 млн доллар, Климаттык шарттарды эске алуу менен реформалоо долбооруна 50 млн доллар, Туруктуу энергияны каржылоо багытында Бишкектеги аз көмүртектүү имараттарды модернизациялоо долбооруна 3 млн доллар, Туруктуу энергияны каржылоо алкагында бизнес кызматтардын борборун өнүктүрүү иши долбооруна 1 млн доллар, Энергиянын кайра жаралуу булактарынын секторун өнүктүрүү долбооруна 530 миң доллар, Алматы-Бишкек экономикалык чек ара коридорун жакшыртуу долбооруна 37 млн 500 доллар, коомдук имараттардын энергетикалык натыйжалуугуна 25 млн доллар каралууда", - деди Календеров.

2024-жылдын 4-ноябрында Бишкекте Азия өнүктүрүү банкы менен 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюлган. Аны ратификациялоо мыйзамы 31-мартта Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде экинчи окуудан өттү.

2024-жылы июль айында АӨБ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда “Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы” аттуу насыялык жана гранттык макулдашуу да түзүлгөн.

Ага ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетине 50 млн долларлык колдоо көрсөтө турганы, анын 43 млн доллары насыя, 7 млн доллары грант түрүндө берилери кабарланган.

Азия өнүктүрүү банкы быйыл 12 жылдык окутууга өтүүнү колдоого 40 млн доллар бөлөрү белгилүү болгон.

Өткөн жылы Кыргызстандын өкмөтү жалпы суммасы 1 млрд 385 млн долларлык 23 келишимге кол койгон. Анын ичинен 1 млрд 186 млн долларды насыя, 199,6 млн долларды грант түрүндө алары маалымдалган.

Каржы министрлигинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617 млн долларга жеткен. Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 526,34 млн доллар, ички карыз 2 млрд 54,66 млн доллар. (ST)





Шерине

XS
SM
MD
LG