Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллды түзгөн жер титирөө катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 31-мартта саат 13:25те Кыргызстандын аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылында 3,5 балл, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Ала-Тоо тоо кыркаларында, Карагай-Булак айылынан 15 чакырым, Бишкектен 52 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ушул тапта жер-жерлерде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

28-мартта Талас облусунда таңкы саат 4:42 жана күндүз 16:56да жер титиреп, 48 үй жабыркаган. Жердин силкинүүсү 5,3 жана 5,5 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстанда айгай жарыяланып, ӨКМнын борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда чукул жыйын өткөн. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG