Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жакынкы жайыттарга мал жаюуга 15-апрелден 15-сентябрга чейин чектөө кире турганын билдирди.
Аталган министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта мал ээлери бул аралыкта алыскы жайыттарды пайдаланууга тийиш.
"Жайыт жерлеринин деградациясын азайтуу, жакынкы жайыттарды жакшыртуу жана алардын азыктуулугун жогорулатуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23-июлунда №04-13/152 буйругу чыгып, жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлерине мал жаюуга чектөө киргизүү сунушталган. Чектөөнү бузгандарга укук бузуулар кодексине ылайык атайын айыпка тартуу чаралары каралган", - деп жазылган маалыматта.
Министрликтин эсебинде туура эмес колдонуунун айынан Кыргызстанда 139 069 га жакын жайыт деградацияга учураган.
Кыргызстанда жалпысынан 9 млн 34 миң гектар жайыт болсо, анын ичинде 70% жакыны пайдаланууга берилген. Соңку беш жылда мал көбөйгөндөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.
Министрлер кабинети былтыр 2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекиткен. Өкмөт ушул тапта өлкөдө жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып кеткенин билдирүүдө. Анын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы да бар. (ST)
Шерине