Украин армиясы жана эксперттер орус аскерлеринин жаңы чабуулу Киевге кысымды күчөтүп, сүйлөшүүлөрдө Москванын позициясын бекемдейт деп божомолдошот. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.
Агенттик сөзгө тарткан эксперттер жакынкы айларда Кремль бүтүндөй 1000 чакырымдык фронт линиясын бойлой чабуул жасоону пландаштырып жатканын айтышкан.
27-мартта Парижде өткөн саммитте Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Сумы, Харьков жана Запорожье облустарына чабуул жасоого даярдыгы тууралуу айтты. Ал Орусияны “убакытты утуп, анан көбүрөөк аймакты басып алууга аракет кылуу үчүн” сүйлөшүүлөрдү кечеңдетип жатат деп айыптады. Мындай пикир менен "Чоң жетиге" кирген эки өлкөнүн Киевдеги дипломатиялык өкүлдөрү макул болгонун агенттик билдирет.
Орусия Украина менен ок атышпоо келишимине кол коюуну "атайылап создуктуруп жатат" деген пикирди буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп да билдирген.
Украинада Орусия баштаган согушту токтотуу үчүн АКШ Киев менен сүйлөшүүлөрүн улантууда.
23-мартта Сауд Арабиясында америкалык жана украин расмийлеринин кезектеги жолугушуусу өттү. 24-мартта АКШ өкүлдөрү Орусия тарап менен экинчи жолугушуусун өткөрдү. 25-марта Киев менен Вашингтондун делегациялары кайрадан сүйлөшүү өткөрдү.
Сауд Арабиясында Американын расмий өкүлдөрү Украина жана Орусиянын делегациялары менен өз өзүнчө болгон сүйлөшүүлөрдө Кара деңизде аскердик аракеттерди токтотуу жана эки өлкөнүн энергетикалык жайларына сокку урууга тыюу салуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашканын кабарлаган.
Зеленскийдин айтканы боюнча Америка тарап расмий билдирүү тараткандан кийин келишимдин шарттары күчүнө кирди деп эсептесе болот. Анын сөзүнө караганда, Украина азырынча Орусияга анча ишенбей турат, ошентсе да өз тарабынан келишимдин шарттарын сактоого аракет кылат.
Ал эми Орусия тарап Кара деңиздеги кемелердин коопсуз ары-бери жүрүүсү тууралуу шарт бир катар санкциялар алынгандан кийин гана ишке ашарын билдирди. (AiA)
Шерине