Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:33

Орусия Донецк жана Херсонго сокку урду, бир нече адам жабыркады


(Архивдик сүрөт
(Архивдик сүрөт

31-мартка караган түнү Украинанын бир нече облусу Орусиянын чабуулуна кабылды. Жабыркагандар бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский белгилегендей, абадан сокку жана дрон чабуулуна Черкассы, Херсон, Донецк, Запорожье, Днепропетров, Сумы жана Харьков облустары туш болгон.

Херсон облусунун Антоновка айылында дрон чабуулунан эки адам жабыркады. Бериславский районунда дрон сыныгы жергиликтүү тургундун автоунаасына түшүп, анын кесепетинен айдоочу жаракат алды.

Донецк облусунда соңку сутка Орусиянын аткылоосунан эки киши жараат алды. Сумы облусуна болгон чабуулдан үч жергиликтүү тургун жарадар болуп, турак жай жана жарандык инфраструктуралар зыян тартканы кабарланды.

Днепропетров облусунун жергиликтүү бийлиги Никополь аймагы чабуулга кабылганын, жабыркагандар жок экенин билдирди.

Харьковдо түнкү абадан болгон чабуулдан улам бир нече ишкана, көп кабатуу үйлөр, бала бакча жана спорт комлексин өрт чалды.

Далилдерге карабай, согуштун башынан бери Орусия Украинанын жарандык жайларды бутага алганын танып келатат.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Орусиянын бийлиги да Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чабуулдары тууралуу кабарлады. Маалыматка караганда, Калуга облусу дрон чабуулуна кабылды. Жабыркагандар болгон эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү бир түндө Украинанын 66 учкучсуз учагын жок кылган. Брянск облусунда 41, Калуга облусунда 24 жана Курск облусунда бир дрон атып түшүрүлгөн. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG