31-мартта Бишкектеги Панфилов паркында болгон окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун ишин токтотуу тапшырмасын берди.
Ага ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан аттракциондордун ишин токтотуунун тартибин иштеп чыгышы керек.
31-мартта Панфилов атындагы сейил багында 19 жаштагы кыз аттракциондон кулап кеткен. Ал оор абалда Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасына жаткырылган. Бишкек шаардык мэриясы аттракцион айланып жатканда коопсуздук куру үзүлүп кеткенин билдирген.
Өкмөт бул окуя боюнча алдын ала тергөө иштери башталганын, укук коргоо органдары анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берерин кабарлады. (BTo)
Шерине