Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгон 30га жакын адам 1-апрелде Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада акцияга чыгышты.
Алар “бул мыйзамга президент кол койсо жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып, менчикке болгон кол тийбестик сакталышы керектигин билдиришти.
Жогорку Кеңеш 13-февралдагы отурумунда талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын кабыл алган. Парламентте дачалардын маселеси талкуу жаратып, 13 депутат мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун берип, ал колдоо тапкан эмес.
Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча соңку талкуу тууралуу пикирин билдирген.Президент менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин айткан. Садыр Жапаров жеке менчик жерлерди жергиликтүү бийлик текшерилип турушу керектигин билдирип, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырган.
Буга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын алдында кырктай адам чогулуп, Садыр Жапаровду Жер кодексине кол койбоого үндөгөн. Ушундай эле кайрылуулар бир нече жолу болду.
Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.
Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Ал кабыл алынса Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра текшерүүдөн (ревизиядан) өтүшү мүмкүн.
Айрым депутаттар жана коомчулук өкүлдөрү дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Өкмөт андай коркунуч жок экенин кайталап келет. (BTo)
Шерине