Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:44

Путин Украинага "эл аралык башкаруу киргизүүнү" сунуштады


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада шайлоо өткөрүп, маанилүү макулдашууларды түзүү үчүн убактылуу эл аралык башкаруу орнотуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Анын айтымында, мындай башкаруунун узак мөөнөттөгү максаты согушту токтотуу.

Бул тууралуу Путин 28-мартта Мурманск шаарындагы Түндүк флотундагы деңиз аскерлери менен жолугушуп жаткан учурда айтканын орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.

"Бул жөн гана бир вариант. Мен башка жолдор жок деп айткан жокмун. Максатыбыз—демократиялык шайлоо өткөрүп, элдин ишенимине ээ болгон жөндөмдүү өкмөттү бийликке алып келүү жана андан кийин алар менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо," — деди Путин.

Орусиянын президенти белгилегендей, бул демилге Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Кошмо Штаттар, Европа мамлекеттери жана Орусиянын өнөктөштөрү катышкан шартта ишке ашышы мүмкүн.

Путин буга чейин эле Украина бийлигин мыйзамсыз деп эсептеп келген. Анын пикиринде, президент Владимир Зеленский өзүнүн беш жылдык мөөнөтү аяктагандан кийин дагы бийликте отурганы легитимиз болуп саналат.

Анткен менен аскердик абал шартында Украина Конституциясы жаңы шайлоо өткөнгө чейин Зеленский президент бойдон калууга уруксат берет.

Путин ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамптын чындап эле согушту токтоткусу келерин айтты. Анын сөзүнө караганда, Трамптын Америка менен Орусиянын өкүлдөрүнүн түз сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө умтулушу "анын тынчтыкка умтулуп жатканын далилдейт."

Азырынча Украина тараптан Путиндин бул билдирүүлөрүнө эч кандай реакция боло элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG