Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Абхазия жана Армения номурлуу унааларды легалдаштыруу жараяны башталбай жатканына түшүндүрмө берди. 25-мартта мекеменин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, токтомдун долбоору коомдук талкууда турат.
Коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталындагы маалыматка караганда, долбоор 5-апрелге чейин талкууда болот. Министрлер кабинетинин токтому чыккандан кийин гана легалдаштыруу иши башталат.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик сунуштаган тиешелүү токтомдо унааларды легалдаштыруу 15-мартта башталып, сентябрдын ортосунда жыйынтыкталары жазылган. Армян, абхаз номурлуу машинелердин ээлери бул убакыт ичинде автоунаасын легалдаштыруу үчүн агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.
Чет өлкөлөрдүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Ал эми документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндөгү күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.
Машине издөөдө жүргөн болсо, ал Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрынан кийин ташылып келсе, чет мамлекеттин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери жок болсо катталбайт.
Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат.
Мыйзамдаштыруунун баасы 100 миң сом. Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан ташылып келген машинелердин ээлери 5-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага чогулуп, бул сумма көп экенин айтып, нааразылык акция өткөрүшкөн. Алар унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана учурда жүрүп жаткан рейддерди токтотууну суранып, президентке кайрылышкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (TAb)
Шерине