Маалыматтарга караганда, Медербек Сатыев былтыр жыл соңунда Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, жатаканасына, тамак-ашына кеткен чыгымды аймактагы судьялар көтөргөн. Бул үчүн акча чогултулганы айтылып жатат.
"Жаннат" мейманканасына 150 миң, түшкү тамакка миң сомдон
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук сотунун жетекчиси Мирлан Боромбаевге жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Самудиновго сөгүш берүү чечими 24-январда эле кабыл алынганы белгилүү болду. Судьялар кеңешине маалымат президенттик администрациядан келип түшкөн.
Интернетке жарыяланып кеткен Судьялар кеңешинин чечиминде 2024-жылы декабрь айында Жогорку соттун төрагасы Сатыев баштаган делегация Ош жана Жалал-Абад облустарына барганы, алардын чыгымын жергиликтүү соттор көтөргөнү жазылып турат.
Бул документтерди 3-февралда журналист Канышай Мамыркулова жарыялаган. Ал 22-мартта чек ара боюнча жазган пикирлеринен кийин камакка алынган.
“Дисциплинардык өндүрүштүн материалдарынан келип чыккандай, айрым жергиликтүү соттордун төрагалары, тактап айтканда, Ош облустук сотунун төрагасы Боромбаев, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Токтосун уулу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Самудинов Жогорку соттун делегациясынын келишине байланыштуу өз демилгеси менен жергиликтүү соттордун судьяларынан делегациянын мүчөлөрүнүн жашаган жери жана тамак-ашы үчүн акча чогултууну уюштурушкан”, - деп жазылат Судьялар кеңешинин Интернетке жарыяланып кеткен чечиминде.
Судьялар кеңешинин чечиминде Ош облустук сотунун төрагасы Боромбаев Жогорку соттон келген жетекчилер жайгашкан “Жаннат” мейманканасына 150 миң сом төлөгөнү жазылып турат. Ал эми Сузак райондук сотунун судьясы Жыпар Сабырова ушул эле райондук соттун төрагасы Самудиновдун демилгеси менен делегациянын чыгымдарына деп 2 миң сомдон, түшкү тамак уюштурууга 1 миң сомдон чогултулганын айтып берген.
Судьялар кеңеши ушул көрсөтмөлөрдөн улам Медербек Сатыевге, Ош облустук сотунун жетекчиси Мирлан Боромбаевге, Сузак райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Самудиновго тартиптик жаза колдонуу чечимин кабыл алган.
Ал эми аталган делегацияны жетектеп барган Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев акча чогултуу боюнча көрсөтмө бербегендигин, кабары да болбогонун айтып жооп берген.
Судьялар кеңеши Интернетке жарыяланып кеткен документти тастыктаган да, жокко чыгарган да жок. Бирок 24-январдагы жыйын боюнча мындай маалымат беришти:
“Сиздин оозеки сурооңузга жооп катары, чындыгында 2025-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп өткөнүн, анда үч судьяга, анын ичинде М. Сатыевге карата тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынганын билдиребиз”.
Оштун жана Жалал-Абаддын канча судьясы акча чогултканы, жалпы сумма канча болгону белгисиз.
"Сатыевди жана судьяларды иштен алууга негиз бар"
Негизи Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагалыгына дайындалганда ишин облустук, райондук сотторду кыдыруудан баштаган. Мындай сапарларда Сатыев судьялардын ишинен тарта, чарбалык маселелерге чейин текшерген эле.
Медербек Сатыевдин Ош облусуна сапары 2024-жылдын 18-декабрында башталган. Азыркы учурда Сатыев өлкөнүн түштүгүнө болгон сапары, аны тосуп алууга судьялар акча чогултканы тууралуу маалыматка комментарий бере элек. Жогорку соттун басма сөз кызматы да суроолорго жооп берүүдөн баш тартып койду.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Медербек Сатыевди, ал баштаган делегацияны тосуп алууга акча чогулткан судьяларды иштен алууга негиз бар экенин айтууда:
"Соттордун жоопкерчилигин кароодо "кынтыксыздык талабынын бузулушу" деген бар. Айрым адилетсиз сотторду ушул талаптын негизинде иштен алышат. Жогорку соттун төрагасы боюнча айта турган болсок, анда ушул талап одоно бузулуп жатат. Ал баарына үлгү болушу керек эле. Иликтөө жүргүзүлүп, азыркы маалыматтар аныктала турган болсо, анда акча чогулткан судьялар, чогулган акчага чай ичип, мейманканага жаткандар дагы кызматтан кетиши керек. Мындай караганда пара бергенге тете болуп жатпайбы. Акча чогултуп Жогорку соттун башчысына чай берип жатышпайбы".
Азыркы тапта Судьялар кеңеши да, Жогорку сот да Медербек Сатыевдин аты аталган окуя боюнча толук маалымат берүүдөн качып жатышат.
Жогоруда айтылгандай, Судьялар кеңешинин тартиптик чара көрүү жөнүндөгү чечимин эркин журналист Канышай Мамыркулова жарыялаган. Ага аталган документтер кантип келип калганы белгисиз. Мамыркулова камакта отургандыктан бул суроого жооп алууга мүмкүн болгон жок.
Медербек Сатыев деген ким?
50 жаштагы Медербек Сатыев Ош шаарында туулган. Ал Улуттук университеттин юридика факультетинин бүтүрүүчүсү. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаментинин бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. Кийин Чүйдүн Сокулук районунда жана Бишкек шаарында судья болуп иштеген. Анын карьерасындагы маанилүү учур дал ушул борбор калаанын сотунда судья болуп турган кезде болуп, эмгек жолу кескин өзгөргөн.
2012-жылы Кумтөр кенине байланыштуу нааразылыктан соң “бийликти басып алуу аракетине” айыпталып кармалган ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Бишкектин Биринчи май райондук соту 2013-жылы жазында 1-1,5 жылдан абакка кескен.
Ошол эле жылы жайында Бишкек шаардык сотунун үч адамдан турган соттук коллегиясы – Курманкул Зулушев, Медербек Сатыев жана Сания Бранчаева саясатчыларды толук актаган чечим чыгарышкан. Тагыраагы, Зулушев менен Сатыев оппозициячыл саясатчыларды актоону жактаган.
Бирок прокуратуранын көзөмөл сунушунун негизинде Жогорку сот айыпталуучуларды кайра жоопко тартып, алар депутаттык мандатынан ажыратылган. Өздөрү жазасын өтөп бүткөнүнө байланыштуу жазадан бошотулган.
Жогорку сот муну менен кошо судьялардын жоопкерчилигин кароо өкүмүн кошо чыгарган. Кийин бул боюнча териштирүү уланып, Медербек Сатыев менен Курманкул Зулушев кызматтан бошотулган.
Мындан соң эки экс-судья 2015-жылы Ташиев менен Мамытов баштаган “Республика - Ата Журт” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Бул шайлоодо Зулушевге депутаттык мандат тийип, саясаттын чордонунда болсо, Сатыев коомдук турмушка аралашкан жок.
2020-жылкы Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаров бийликке келген соң Сатыев президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Бирок бул кызматта көпкө турбай, 2021-жылдын июнунан тартып Президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен иштөө бөлүмүн жетектеп, 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын ноябрына чейин Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болуп турду.
2024-жылы январда Сатыев Жогорку соттун судьясы болуп, ушул эле жылдын октябрында беш жылдык мөөнөткө төрагасы болуп дайындалган.
Шерине