Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Эреже бузган айдоочулар тапшыра турган сынактын тартиби боюнча маалымат берилди


Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы “Унаа” мекемеси) айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусов жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан сынактан өткөрүүнүн тартиби тууралуу түшүндүрмө берди. Ал “Биринчи радионун” эфиринде айдоочу жол эрежесин үч ирет одоно бузса квалификациялык сынак тапшырарын айтты.

“Теориялык сынакта 20 суроо берилет. 25 мүнөттүн ичинде анын 18ине туура жооп берген адам сынактан өтөт. Андан соң практикалык сынак бар. Анда сегиз этап бар. Бир эле этапты тапшыра албай калганынан өтүп кетсе, ийгиликтүү тапшырды деп эсептелет”, - деди ал.


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Сынактан өтпөй калгандардын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана сынактан өткөндөн кийин кайра берилет.

Айдоочу күбөлүгүн кайра алуу үчүн биринчи сынакта 500 сом төлөйт, өтпөй калса экинчи ирет 1000 сом төгөт. Үчүнчү жолу тапшырууга келсе 2000 сом төлөйт. Үчүнчү жолу да кулап калса, анда төртүнчү жолу сынак тапшырууга 4000 сом берет.

Бийлик бул Кыргызстанда жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн көрүлгөн чара экенин билдирүүдө. Демилге коомдо кайчы пикирлерди жаратты. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG