Орусиялык аскерлер 23-мартка караган түнү Украинанын борбору Киевге учкучсуз учактар менен чабуул койду.
Шаардык администрациянын билдиришинче, үч адам каза тапты, он киши жарадар болду. Каза тапкандар арасында атасы менен кызы бар. Жабырлануучулардын эң кенжеси - 11 айлык бала.
Шаардык администрация аба айгайы беш саатка жакын созулганын белгиледи. Улуттук полиция билдиргендей, учкучсуз учактар Киевдин жана Подольскинин бир канча райондоруна түшкөн. Дрондун сыныктары Шевченково районундагы көп кабаттуу үйгө, ээн имаратка жана автоунааларга, Голосеев районунда өнөр жай аймагына түшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынын түнкү отчетунда чабуул маалында башталган өрт тууралуу айтылат. Днепровск районунда өрт тогуз кабат үйдүн чатырына жайылган. Бир аял каза таап, 27 адам эвакуация болгон.
Орусиялыктар Киев облусуна дагы чабуул койгонун "РБК-Украина" билдирди. Бир канча райондо үйлөр жана автоунаа талкаланган. Бийликтер эки адам жабыр тартканын билдирди.
Орусиялык аскерлер аткылоого байланыштуу комментарий берген жок. Украинадагы жарандык объектилерге атайылап сокку урганын Москва согуш башталгандан бери танып келет.
Шерине