Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:37

Эр-Риядда Орусия менен АКШ өкүлдөрүнүн 12 саатка созулган сүйлөшүүсү аяктады


USA-TRUMP/RUSSIA
USA-TRUMP/RUSSIA

Орусия менен АКШнын делегацияларынын Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өткөн сүйлөшүүлөрү 24-март күнү кечинде аяктады. Бул тууралуу ТАСС жана РИА Новости агенттиктери өз булактарына таянып кабарлашты. Жолугушуу 12 сааттан ашуун созулду.

Жолугушуу башталгандан 10 сааттан кийин орусиялык делегациянын мүчөсү, сенатор Григорий Карасин сүйлөшүүлөр "аяктап жатканын" айткан. Андан кийин, ТАСС өз булактарына таянып жазгандай, тараптар "биргелешкен билдирүүнүн текстин макулдашууга аракет кылышкан".

Маалыматка ылайык, Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу Москва менен Вашингтондун биргелешкен билдирүүсү 25-мартта жарыяланат.

Орусиялык делегацияны Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Григорий Карасин жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчи орун басары Сергей Беседа жетектеп барган.

АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө Мамлекеттик департаменттин саясий пландоо боюнча директору Майкл Антон, Ак үйдүн Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог менен АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтцтун жардамчылары катышып жатканы кабарланды.

Буга чейин Вашингтон менен Киевдин өкүлдөрү Эр-Риядда сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Украиналык делегация сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин да Эр-Риядда калып, Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын күтүүнү чечкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG