Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

ИИМ журналист Мамыркулова соцтармактагы билдирүүлөрүнөн улам кармалганын ырастады


Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

Бишкек шаардык милициясы журналист Канышай Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта “соцтармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен өлкө аймагында массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосунда улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган «Канышай Мамыркулова» аттуу колдонуучу аныкталган” деп айтылат.

ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын кошумчалаган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык баш аламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.

Милиция Мамыркулова буга чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маалында "коомдук-саясий абалды курчутканы үчүн" жоопкерчилиги каралганын белгилеген.

20-мартта эркин журналистти үйүнөн милиция кармап кеткени белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери кардар катары журналисттин үйүнө барып, күч менен алып кетишкенин айтышкан. Кийинчерээк адвокат Нурбек Сыдыков Мамыркулова 48 саатка камакка алынганын “Азаттыкка” кабарлаган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова буга чейин бир катар маалымат каражаттарында иштеген. Соңку жылдары эркин журналист катары соцтармактарда активдүү болуп, коомдук-саясий окуяларга пикирин билдирип келген. Ал бийликтин айрым иштерин кескин сындап жазып турган.

Учурда Мамыркулованын кармалышына байланыштуу журналисттер, айрым саясатчылар тынчсыздануусун билдирип, соцтармактарда кызуу талкууланууда. Алар журналисттин ден соолугун начар экенин жазышып, үй камагына чыгарууну бийликтен талап кылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG