Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А. пара талап кылууга шектелип кармалганын 20-мартта кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ал Я.к.Ж. аттуу жарандан мурда козголгон кылмыш иши боюнча бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган деп шектелүүдө.
Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында прокурор С.Ж.А. кармалып, Аскер прокуратурасынын гауптвахтасына камакка алынды.
Атайын кызмат учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып жатканын кабарлады.
Шектүү тараптын жакындары, прокуратура, адвокаттар маалымат бере элек.
Өткөн айда УКМК Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы М.К. пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлаган.
Мунун алдында Эсеп палатасынын башкы инспектору пара менен кармалганын маалымдаган.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. (КЕ)
Шерине