Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкек шаарындагы айрым имараттардын тарыхый-маданий мурастардын тизмесинен чыгарылышы тууралуу маселе көтөрүп, бул багытта мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө максатында комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул тууралуу бүгүн, 20-мартта парламенттин жыйынында айтты.
"18-февраль күнү Президенттин иш башкармалыгынын сунушу боюнча мекеме аралык комиссия дагы бир топ объектилерди тизмеден чыгарды. Абдумомунов көчөсүндөгү 205 жана 207-даректеги имараттар. Тагыраагы азыр Жогорку сот жана эки министрлик жайгашкан имарат. Бишкекти Бишкек кылган эки имарат коргой турган тизмеден чыгарылыптыр. Инвесторлорго беребиз деген максатта. Анысы аз келгенсип Маданият министрлиги учурда инвесторго тарыхый объектилерди бергенге мүмкүнчүлүк берели деген мыйзам киргизип жатат. Сот жайгашкан имаратта цемент, шыйпыр плита менен чаптайбыз деген аракеттер башталган. Ак үйдү ошол менен чаптаган, сыртын боёп койсо эле ичи өзгөрмөк беле. Дүйнөдө ушунда имараттар корголуп, каралат. Балдарды алып барып, "биздин тарых" деп көрсөтөт", - деди Масалиев.
Буга чейин Президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.
Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан учурда министр Мирбек Мамбеталиев депутат Исхак Масалиевдин ушул багыттагы суроосуна жооп берген. Бишкектеги мурдагы өкмөт үйүнүн жана анын жанындагы Жогорку соттун имараттарын тарыхый-маданий мурастардын тизмесинен чыгаруу боюнча так чечим кабыл алына электигин билдирген.
Тарыхый, маданий мурас деп саналган имараттар “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жөнгө салынат. Документке ылайык, бул жайларды тизмеден чыгаруу үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алынышы керек. (КЕ)
Шерине