Зимбабвенин таанымал суучулу Кирсти Ковентри 20-мартта Грекиянын Коста-Наварино шаарында өткөн 144-сессияда Эл аралык Олимпиада комитетинин (IOC) президенти болуп шайланды. Ал бул кызматты сегиз жыл аркалай алат.
41 жаштагы Ковентри Эл аралык Олимпиада комитетинин алгачкы аял жана биринчи африкалык президенти болуп калды.
Жаңы шайланган президент 23-июнда белгилене турчу Олимпиада күнүндө расмий түрдө кызматка киришет. Ошол эле күнү Томас Бах отставкага кетип, IOC мүчөлүгүнөн да баш тартат. Андан кийин ал Ардактуу президент деген наам алат.
"Мен бул уюмду чексиз сыймыктануу менен жетектейм, олимпиадалык баалуулуктарды башкы орунга коём. Сиздердин ишенимди актоого болгон күчүмдү жумшайм. Бул жарыш укмуштуудай болду, бизди шыктандырды, кыймылыбызды да күчтөндүрдү" - деди Кирсти Ковентри.
Ковентри жаңы кызматка киришкенде 2026-жылы Италияда өтө турган Кышкы Олимп оюндарына жетекчилик кылат. Анын ачылыш аземине 11 айга жетпеген убакыт калды.
Шерине